Быйыл 1,775 млн тонна дан эгини жыйналды
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы республика боюнча айыл чарба эгиндерин жыйноо иштери аяктап калды. Түшүмдүүлүк көрсөткүчтөрү өткөн жылга салыштырмалуу жогору болду.
Дан эгиндери: 679 миң гектар аянттын 93% жыйналды, дүң жыйым 1,775 млн тоннага жетти.
Жашылчалар: 56,6 миң гектардын 96,2% жыйналды, жалпы 791,4 миң тонна түшүм алынды. Эң жогорку түшүм Чүй жана Ош облусунда байкалды.
Картошка: 64,5 миң гектардын 96% жыйналып, 874,3 миң тонна өндүрүлдү. Орточо түшүм 176,5 ц/га түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу жогору болду.
Бахча өсүмдүктөрү: 12,2 миң гектарда жыйноо жүргүзүлүп, план 103,8%га аткарылды, дүң жыйым 274 миң тонна. Негизги өндүрүүчү — Жалал-Абад облусу.
Техникалык өсүмдүктөр: Жыйноо май өсүмдүктөрү (90,3%), тамеки (96,2%), пахта (98%) жана кант кызылчасынын 53% аяктады.
Министрлик белгилегендей, аба ырайынын салыштырмалуу туруктуу болушу, жергиликтүү дыйкандардын эмгеги жана натыйжалуу агротехникалык чаралар быйылкы түшүмдүн жогору болушуна өбөлгө түздү.