Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 201,48 млн сом насыя берилди
“Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында республика боюнча 57 каржылоо субъектине жалпы 201,48 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген кредиттик каражаттары берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Долбоордун негизги максаты — азыктуулугу жогору асыл тукум мал сатып алуу аркылуу мал чарбасын өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү.
Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда. Жалпы кредиттик ресурстардын көлөмү 1 млрд 849,56 млн сомду түзөт.
Бул демилге асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө, эт жана сүт багытындагы өндүрүштү жогорулатууга, ошондой эле фермерлердин кирешесин арттырууга өбөлгө түзөт.