Бишкек менен Чжучжоунун мэрлери тажрыйба алмашышты
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кытайдын Чжучжоу шаарынын мэри Чэн Хуэйцин менен жолугушуп, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана өнөр-жай тармагындагы кызматташтыкты талкуулады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жолугушууда мэр Бишкек менен Чжучжоунун транспорт, жеңил өнөр-жай жана башка тармактарда тажрыйба алмашуу боюнча кызматташуусуна кызыкдар экенин белгилеп, инвестициялык климатты жакшыртуу жана жеке секторду колдоону артыкчылык катары көрсөттү.
Чжучжоу шаарынын мэри Чэн Хуэйцин эки тараптуу байланыштарды чыңдоого жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.


