Кыргызстанда көмүртектик-нейтралдык токой түзүү долбоору ишке ашты

Кыргызстанда көмүртектик-нейтралдык токой түзүү долбоору ишке ашты

Э.Гареев атындагы ботаникалык бакчанын территориясында көмүртектик-нейтралдык токой түзүү долбоору ишке ашканын аталган мекемеден билдиришти.

Долбоордун максаты көмүртектик-нейтралдык токой түзүүнүн негизин түптөө, ошондой эле көмүртектик нейтралдуулук саясатын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу чөйрөсүндөгү потенциалды өнүктүрүү. 

“Бул долбоордун алкагында “Корея бакча дүйнөсүнүн” инфраструктурасы жакшыртылып, көчөттөрдү отургузуу үчүн питомниктер менен теплицалар курулуп, аларга көмүртектик-нейтралдуулукту түзүү үчүн  көчөттөр отургузулган. Ошондой эле көмүртектик-нейтралдуулук жаатындагы адистерди даярдоо боюнча программалар ишке ашырылды. Жакынкы күндөрдө Кореядан келген делегаттардын катышуусунда бакчанын расмий ачылышы болот” делет маалыматта. 

Көмүртектик-нейтралдык токой – бул көмүртек бөлүп чыгаруу менен аны жутуу ортосундагы балансты кармап туруучу токой. Токой абадагы көмүртекти табийгый сиңирип алуучу болот, а бак дарактардын өсүшү алар бөлүп чыгарган көлөмдөгү көмүртек жутулган көмүртек менен барабар болот.   

Мындан тышкары окуңуз

Ош базарындагы этти дүңүнөн сатчу жай "Алтын Така" базарына көчтү

Ош базарындагы этти дүңүнөн сатчу жай "Алтын Така" базарына көчтү

Ош базарындагы түндө башталчу дүң эт сатуу бүгүнтөн тарта жаңы “Алтын-Така” базарындагы “Чүйгүн” эт павильонуна көчүрүлгөнү тууралуу маалымат соцтармактарга чыкты. Бул кадам Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык эл аралык стандарттарды кармануу максатында жасалган. Мамлекет эми Бишкекке тарачу эттин баасын жана сапатын тыкыр көзөлгө алат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды,

Былтыр Баткенде жол эрежесин бузгандардан 66,5 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Былтыр Баткенде жол эрежесин бузгандардан 66,5 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Жыл башынан бери Баткен облусунда 50 миң 909 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.  Анын ичинде:  * мас абалында унаа башкарган — 1108 айдоочу; * ылдамдыкты ашырып айдаган — 7798 айдоочу; * терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан — 268 айдоочу; * тийиштүү документтери жок унаа башкарган — 1824 айдоочу; * автоээнбаштык кылган — 63 айдоочу; * жол

Радиожыштыктардын онлайн-аукциондорунан бюджетке 1,5 млрд сомдон ашык каражат түшкөн

Радиожыштыктардын онлайн-аукциондорунан бюджетке 1,5 млрд сомдон ашык каражат түшкөн

Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылы радиожыштыктарды сатуу боюнча 4 онлайн-аукцион өткөрүлгөн. Аукциондордун жыйынтыгында жалпы сатуу суммасы 1 миллиард 557,5 миллион сомду түзгөн. Аукциондор боюнча маалымат: Негизги түшүм 2575–2625 МГц диапазонундагы (тилкенин туурасы 50 МГц) радиожыштыкты сатуудан түшкөн. Ал Кыргыз Республикасынын аймагында LTE технологияларын

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт

Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбай тургандыгын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасында түз эфирде билдирди. Ал белгилегендей, учурда күбөлүктү алмаштырууга даярданган жарандардын маалымкат алуу үчүн бейтапканаларда кезеги көбөйгөнү айтылууда. “Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда 083 медициналык маалымкат талап кылынбайт. Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз