Араван менен Кара-Сууда пахта түшүмү эки эсеге көп болду

Араван менен Кара-Сууда пахта түшүмү эки эсеге көп болду

Акыркы үч жылда Араван жана Кара-Суу райондорунда кытай сортундагы пахталар эгилип, сууну үнөмдөө максатында тамчылатып сугаруу ыкмалары орнотулду. Натыйжада пахтанын түшүмдүүлүгү эки эсеге өскөн. Мурда 35-40 ц/га болсо, азыр 60-65 ц/га жетүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

2025-жылдын түшүмүнө кытайлык “Хунтай” компаниясынан 8 сорт келип, лабораториялык анализден өткөн. Алардын ичинен үч сорт – “Хунтай-6636”, “Хунтай-73” жана “Хунтай-Т 115” – эгүүгө уруксат алды. Бул сорттор жалпы 200 гектар аянтка эгилип, өндүрүштүк сыноодон өтүүдө.

Бул жылы пахта терүү иштери заманбап пахта жыйноочу комбайндар менен жүргүзүлүүдө. Эгерде кол менен терүүдө дыйкандар бир гектар пахтаны 3 күндө теришсе, азыр техника жардамы менен бир гектар пахта аянтын бир сааттын ичинде терүүгө мүмкүн. Мындан тышкары, бир саатта комбайн менен 17 тонна пахта түшүмүн жыйноого болот.

Бул демилге жергиликтүү дыйкандар үчүн түшүмдү көбөйтүп, ишти жеңилдетип, заманбап технологияларды кеңири колдонууга өбөлгө түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Ош базарындагы этти дүңүнөн сатчу жай "Алтын Така" базарына көчтү

Ош базарындагы этти дүңүнөн сатчу жай "Алтын Така" базарына көчтү

Ош базарындагы түндө башталчу дүң эт сатуу бүгүнтөн тарта жаңы “Алтын-Така” базарындагы “Чүйгүн” эт павильонуна көчүрүлгөнү тууралуу маалымат соцтармактарга чыкты. Бул кадам Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык эл аралык стандарттарды кармануу максатында жасалган. Мамлекет эми Бишкекке тарачу эттин баасын жана сапатын тыкыр көзөлгө алат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды,

Былтыр Баткенде жол эрежесин бузгандардан 66,5 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Былтыр Баткенде жол эрежесин бузгандардан 66,5 млн сом айып пул өндүрүлгөн

Жыл башынан бери Баткен облусунда 50 миң 909 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.  Анын ичинде:  * мас абалында унаа башкарган — 1108 айдоочу; * ылдамдыкты ашырып айдаган — 7798 айдоочу; * терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан — 268 айдоочу; * тийиштүү документтери жок унаа башкарган — 1824 айдоочу; * автоээнбаштык кылган — 63 айдоочу; * жол

Радиожыштыктардын онлайн-аукциондорунан бюджетке 1,5 млрд сомдон ашык каражат түшкөн

Радиожыштыктардын онлайн-аукциондорунан бюджетке 1,5 млрд сомдон ашык каражат түшкөн

Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылы радиожыштыктарды сатуу боюнча 4 онлайн-аукцион өткөрүлгөн. Аукциондордун жыйынтыгында жалпы сатуу суммасы 1 миллиард 557,5 миллион сомду түзгөн. Аукциондор боюнча маалымат: Негизги түшүм 2575–2625 МГц диапазонундагы (тилкенин туурасы 50 МГц) радиожыштыкты сатуудан түшкөн. Ал Кыргыз Республикасынын аймагында LTE технологияларын

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт

Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбай тургандыгын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасында түз эфирде билдирди. Ал белгилегендей, учурда күбөлүктү алмаштырууга даярданган жарандардын маалымкат алуу үчүн бейтапканаларда кезеги көбөйгөнү айтылууда. “Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда 083 медициналык маалымкат талап кылынбайт. Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз