Бишкектеги ири соода борборлорунан мыйзамсыз уюлдук телефондор табылды
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери борбордогу Айчүрөк соода борборунун 12 соода түйүнүнөн, Чынар соода борборунан, Victory бизнес-борборунан, ошондой эле Ж.Абдрахманов көчөсүндөгү кампадан чет өлкөдөн мыйзамсыз алып келинген уюлдук телефондорду табышканын Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгынын кызматкерлери “Манас” бажысынын оперативдүү бөлүмү менен биргеликте контролдук сатып алуу жана тинтүү кылышып, “ЕАИС” жана “Смарт Бажы” базасында катталбаган 243 ар кандай бренддеги телефондорду табышкан.
Бажы кызматынан билдиришкендей, мындай каттоонун жоктугу товарлардын өлкөгө мыйзамсыз киргизилгенин далилдейт.
Бул иликтөө иш-чарасы чет өлкөлүк үлгүдөгү уюлдук телефондорду тиешелүү бажылык каттоосу жок киргизип, сатуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн. Материалдар андан ары дагы иликтөө үчүн Бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына тапшырылган.