Бишкектин айрым райондорунда ысык суу убактылуу өчүрүлөт
Эртең, 30-октябрда саат 9:00дөн 16:00гө чейин 2025-2026-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында, оңдоо иштерине байланыштуу ысык суу берилбейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Төмөнкү даректерде ысык суу берилбейт:
- И. Ахунбаев көчөсү: 128, 130, 130A, 132, 132A, 134;
- Политехническая көчөсү: 4, 10, 15-сектор;
- Таш-Көмүр көчөсү: 6, 8;
- Ч. Айтматов проспектиси: 70, 72, 74, 76, 80;
- №79 бала бакча.
"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн калкынан түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.