Эмгек министрлиги ЭМУ менен миграцияны жакшыртуу чараларын талкуулады
Бүгүн, 29-октябрда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр Канат Сагынбаев Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Бермет Молдобаева менен жолугушту.
Жолугушууда ички жана тышкы миграция маселелери, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жолдору талкууланды.
Министр Сагынбаев ЭМУнун миграциялык саясатты колдоодогу маанилүү ролун белгилеп, Кыргызстан жарандарынын кызыкчылыгы үчүн өнөктөштүктү чыңдоого даяр экенин билдирди. Өз кезегинде Бермет Молдобаева кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, ЭМУ мындан ары да министрликтин коопсуз жана гумандуу миграциялык саясатты өнүктүрүү аракеттерин колдоого даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну артыкчылыктуу багыттар боюнча кеңейтүү жана тереңдетүү ниетин билдиришти.