Тилек Сулайманов: "Чыгырыктар үчүн 200-300 атайын токтотуучу жай уюштурабыз"

Тилек Сулайманов: "Чыгырыктар үчүн 200-300 атайын токтотуучу жай уюштурабыз"

Бишкекте чыгырыктар (электросамокаттар) үчүн 200–300 атайын токтотуучу жайлар уюштурулат. “Яндекс Кыргызстан” компаниясынын жетекчиси Тилек Сулаймановдун маалыматына караганда, бул иш-чаралар самокаттарды колдонууну жөнгө салууга жана шаардагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталат.

Анын айтымында, чыгырыктарды колдонуучулардын 70%ы көңүл ачуу үчүн эмес, бир жерден экинчи жерге жеткирүүчү каражат катары колдонушат. Андыктан, электросамокаттар коомдук транспорттун жүгүн жеңилдетип, жол тыгындарын азайтууга жардам берүүдө.

Сулайманов кошумчалагандай, октябрдын ортосунда Бишкекте мэриянын жана кикшеринг компанияларынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, тротуарларда самокаттардын коопсуз жүрүүсүн камсыздоо маселелери талкууланган. Ошондой эле жолугушууда кикшеринг компанияларын көзөмөлдөө үчүн бирдиктүү операторду түзүү маселеси каралган.

“Эгер коопсуздук жөнүндө сөз кылсак, биз самокаттарды туура колдонууга үйрөтүү үчүн атайын окутуу иш-чараларын өткөрүп турабыз. Акыркысы августта өткөн. Бул окууда колдонуучулар самокатты кантип туура колдонуу керектигин, жол эрежелерин, тротуарларда кантип сак жүрүү керектигин, ошондой эле кайсы аймактада самокат колдонууга болбой турганын үйрөнүшөт. Самокаттарды колдонуудан мурун ар бир адам тиркеме аркылуу атайын колдонуу эрежелерин өтөт”, — деди Тилек Сулайманов.

Негизинен тиркемеде виртуалдык парковка жайлары көрсөтүлгөн, бирок көп колдонуучулар кайсы жерге токтотууга болорун билбей келет. Ошондуктан шаарда 200–300 атайын токтотуучу жайын уюштуруу пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары