Бишкекте медициналык мекемелерди текшерүү иштери уланууда

Бишкекте медициналык мекемелерди текшерүү иштери уланууда

Бишкек мэриясы Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте шаардагы саламаттык сактоо уюмдарына пландуу текшерүү иштерин улантууда.

Шаардык муниципалитеттин маалыматына ылайык, вице-мэр Виктория Мозгачева төмөнкү объектилерге барды:

  • №10 үй-бүлөлүк медицина борбору (Свободная көч., 9) – бул жерде кошумча имарат менен галерея куруу үчүн долбоордук-сметалык документация даярдалууда;
  • №10 ҮМБнын филиалы (Наманган көч., 28) – пайдаланууга жараксыз бөлүгүн бузуу үчүн тиешелүү документтерди мэрия тарабынан даярдоо тапшырылды;
  • №3 ҮМБнын филиалы («Лесхоз» кичи району, Лесхоз көч., 15) – мэрия керектүү документтерди калыбына келтирүүгө жардам берет, ал эми «Северэлектро» мекемеси электр энергиясына кошууну камсыздайт.

Мэриянын маалыматына караганда, Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте шаардагы медициналык объектилерди иретке келтирүү иштери мындан ары да улантылат.

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика министрлиги 9 айдын жыйынтыгы менен бөлүштү

Энергетика министрлиги 9 айдын жыйынтыгы менен бөлүштү

Бүгүн Энергетика министрлигинде энергетикалык компаниялардын 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча коллегия болгонун министрликтин маалымат кызматы билдирди. Министрликтин билдиришинче, Кыргызстанда жыл башынан бери 11,3 млрд киловатт-саат электр энергиясы иштелип чыкан жана керектөө 13,8 млрд киловатт-саатты түзгөн. 2.7 млрд киловатт-саат тартыштык импорт менен жабылган. Токтогул ГЭСинде 3-гидроагрегатты оңдоо аяктап,

"Газпром Кыргызстанга" Россия газы үзгүлтүксүз берилет

"Газпром Кыргызстанга" Россия газы үзгүлтүксүз берилет

Энергетика министри Таалайбек Ибраев ведомствонун коллегиялык жыйынында “Газпром” ПАКынын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Алексей Миллер менен болгон эки тараптуу сүйлөшүүсү тууралуу айтып берди.  Т.Ибраевдин билдиришинче, А.Миллер менен менен жолугушууда алар Кыргызстан үчүн “Газпромго” капиталдык салууларды жогорулатууну макулдашышкан.  “Ал мага газ жеткирүү үзгүлтүксүз болуш үчүн эмне кылуу керектигин

БА өлкөлөрүнүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жыйын болду

БА өлкөлөрүнүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жыйын болду

Тажикстандын Дүшанбе шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Улуттук комитеттеринин кезектеги — 14-аймактык жыйыны болуп өттү. Ага Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн экономика, транспорт, бажы, азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Катышуучулар региондогу соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү демилгелерин илгерилетүү боюнча

Кыргызстан компаниясынын экспонаттары көрүүчүлөрдү кызыктырды

Кыргызстан компаниясынын экспонаттары көрүүчүлөрдү кызыктырды

Кыргызстандын «Артбласт Групп (Аджи-Сервис)» компаниясы Өзбекстандын борборундаөткөн «MiningMetals Uzbekistan 2025» эл аралык көргөзмөсүндө өзүнүн өндүрүштүк жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырганын Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Компаниянын өкүлдөрү заманбап өнөр жай жабдууларынын үлгүлөрүн, автоматташтыруу жана өндүрүштүк коопсуздук жаатындагы чечимдерди сунушташты «Артбласт Групп (Аджи-Сервис)» компаниясынын экспонаттары көптөгөн катыш