Ош шаарынын жаңы генералдык планы даярдалып жатат
Ош шаарынын жалпы 35,5 гектардан ашык территорияны ээлеген жаңы генералдык планы иштелип чыгып жатканын жана ал 15 жылдан көп мөөнөткө эсептелгенин жергиликтүү шаардык кеңештен билдиришти.
Аталган муниципалиеттин билдиришинче, документти даярдоо үчүн курамына шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын, шаар куруу башкармалыгынын жана архитектуранын адистери кирген атайын комиссия түзүлгөн.
Комиссия эки отурумун өткөрүп, шаардык территорияны өнүктүрүү концепциясын түзүүгө киришкени маалым. Жаңы документ иштелип чыккыча 2016-жылдан 2015-жылга чейинки мөөнөткө эсептелген генералдык план күчүндө болот.
Эске салсак, буга чейин шаардык комиссия Оштун 3,5 гектар аянтты ээлеген борбордук бөлүгүнүн деталдык планын иштеп чыгып, аны шаардык кеңеш бекиткен болчу.