Ошто мыйзамсыз деп табылган 2,46 га жер мамлекетке кайтарылды

Ошто мыйзамсыз деп табылган 2,46 га жер мамлекетке кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусундагы аймактык башкармалыгынын доо арызы Ош облусунун административдик соту тарабынан канааттандырылды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттук териштирүүдө Кара-Суу районуна караштуу Датка айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары мыйзамды бузгандыгы аныкталды. Тактап айтканда, 589 жаранга жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелери мыйзамсыз бөлүнүп, каттоо китебине киргизилген эмес жана трансформация процедурасы аткарылбай калган. Кээ бир жарандарга жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актылар да берилген.

Ош облусунун административдик соту 41 токтомду жараксыз деп таап, жалпы аянты 2,46 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул чечим «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун талаптары бузулганы менен байланыштуу.

Мындан тышкары окуңуз

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт

Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбай тургандыгын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасында түз эфирде билдирди. Ал белгилегендей, учурда күбөлүктү алмаштырууга даярданган жарандардын маалымкат алуу үчүн бейтапканаларда кезеги көбөйгөнү айтылууда. “Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда 083 медициналык маалымкат талап кылынбайт. Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз

Седандар джиптерге каршы: Кыргызстанда чындыгында кайсы унаалар көбүрөөк колдонулат

Седандар джиптерге каршы: Кыргызстанда чындыгында кайсы унаалар көбүрөөк колдонулат

Кыргызстандын көчөлөрүн караганда кроссоверлер менен жол тандабастар барган сайын көбөйүп жаткандай сезилгени менен унаа паркынын расмий статистикасы таптакыр башка көрүнүштү көрсөтөт. Өлкөдө жеңил унаалардын негизги бөлүгүн мурдагыдай эле седандар жана универсалдар түзөрүн economist.kg сайты анализ кылды. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун маалыматына ылайык, 2026-жылдын башына

Кумтөрдүн калдык сактоочу жайындагы 121 тонна алтын мамлекеттик баланска кирди

Кумтөрдүн калдык сактоочу жайындагы 121 тонна алтын мамлекеттик баланска кирди

2021-2025-жылдар аралыгында Кыргызстандын тоо-кен тармагында инвестициялар, геологиялык чалгындоо жана кайра иштетүү багыттарында олуттуу жыйынтыктарга жетишилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Айрыкча, 2024-2025-жылдары жаңы долбоорлор ишке кирип, запастар мамлекеттик баланска кошулду. 2024-жылы "Кумтөр" кенинде жүргүзүлгөн геологиялык чалгындоонун жыйынтыгында алтындын запасы 147,4 тоннага көбөйдү.

Жеңил унааларды сатууда убактылуу салыктык жеңилдиктер киргизилди

Жеңил унааларды сатууда убактылуу салыктык жеңилдиктер киргизилди

Мамлекеттик салык кызматы жеңил автомототранспорт каражаттарын сатууга байланыштуу убактылуу салыктык жеңилдиктер киргизилгенин маалымдады. Өзгөртүүлөр Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 31-декабрында кол койгон мыйзамга ылайык кабыл алынган. Аталган ченемдер 2029-жылдын 1-январына чейин күчүндө болуп, ТЭИ ТН 8703 товар позициясына кирген жеңил автомототранспорт каражаттарына тиешелүү. Тактап айтканда, мыйзам менен төмөнкү жеңилдиктер каралган: * жеке