Оштун Чапаев айылында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Оштун Чапаев айылында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Чапаев айылында 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүзөгө ашырылууда. Объекттин тендердик баасы – 239 миллион сом.

Жаңы мектеп башкы планга ылайык 2479,8 чарчы метр аянтты камтыйт жана беш блоктон турат. Курулуш иштери заманбап үлгүдөгү эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залы менен жүргүзүлөт. Азыркы учурда имараттын пайдубалы куюлду, жана курулуш иштери пландалган мөөнөттө улантылууда.

Жаңы мектеп аймактагы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, окуучуларга заманбап шарттарды түзүүгө жана спорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталат.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 920 орундуу "Акылман" лицейи курулуп жатат

Таласта 920 орундуу "Акылман" лицейи курулуп жатат

Талас шаарында 920 орунга ылайык салынган "Акылман" президенттик лицейинин курулушу активдүү уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Бүгүн билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаев жумушчу сапарынын алкагында лицейдин курулуш иштери менен жеринен таанышты. Лицей заманбап шарттар менен жабдылган 3 кабаттуу имарат жана жатакана менен курулууда. Аны куруу иштери президенттин

Оштогу П.Арзыкулов көчөсү капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

Оштогу П.Арзыкулов көчөсү капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди

Бүгүн, Ош шаарындагы Курманжан датка жана Алымбек датка көчөлөрүн бириктирген П.Арзыкулов көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Жолду шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү жашоочулар ачышты. Арзыкулов көчөсүнүн узундугу 300 метр, туурасы 10 метр болуп, жол эки тилкелүү

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы жетекчилери мамлекетке 4 млрд 307 млн сом кайтарышты

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы жетекчилери мамлекетке 4 млрд 307 млн сом кайтарышты

УКМК Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдуваповго жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычовго карата чыгарылган айыптоо өкүмүнө комментарий берди. УКМКнын маалыматына ылайык, аталган адамдар 2024-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча козголгон кылмыш ишинин

Эмгек министрлигинде гендер жана социалдык инклюзия боюнча жолугушуу өттү

Эмгек министрлигинде гендер жана социалдык инклюзия боюнча жолугушуу өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин орун басары Айнура Орозбаева Улуу Британиядан келген чет өлкөлүк өнөктөштөр менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин гендердик теңчилик жана инклюзия маселелери боюнча кеңешчиси Люси Макдермотт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар гендердик теңчилик,