Сокулукта 750 орундуу мектеп, 120 орундуу бала бакча курулууда

Сокулукта 750 орундуу мектеп, 120 орундуу бала бакча курулууда

Бүгүн, УКМКнын төрагасынын орун басары Курванбек Авазов Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылынын ВОССТ-2 жаңы конушундагы 4 гектар жерге жаңы социалдык объектилердин курулушуна мезгил кутусун салды.

Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылат. 3,1 гектар жерге 750 орундуу мектеп заманбап спорт зал жана аянтчалар менен курулса, 1,3 гектар жерге 120 орундуу бала бакча салынып жатат. Мектептин баасы 451 млн сом, бала бакчанын баасы 96 млн сом деп бааланууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор аймакта балдар үчүн шарттарды жакшыртып, жаңы сейил бакты да камтыйт.

Мындан тышкары окуңуз

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт

Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт

Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбай тургандыгын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасында түз эфирде билдирди. Ал белгилегендей, учурда күбөлүктү алмаштырууга даярданган жарандардын маалымкат алуу үчүн бейтапканаларда кезеги көбөйгөнү айтылууда. “Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда 083 медициналык маалымкат талап кылынбайт. Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз

Седандар джиптерге каршы: Кыргызстанда чындыгында кайсы унаалар көбүрөөк колдонулат

Седандар джиптерге каршы: Кыргызстанда чындыгында кайсы унаалар көбүрөөк колдонулат

Кыргызстандын көчөлөрүн караганда кроссоверлер менен жол тандабастар барган сайын көбөйүп жаткандай сезилгени менен унаа паркынын расмий статистикасы таптакыр башка көрүнүштү көрсөтөт. Өлкөдө жеңил унаалардын негизги бөлүгүн мурдагыдай эле седандар жана универсалдар түзөрүн economist.kg сайты анализ кылды. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун маалыматына ылайык, 2026-жылдын башына

Кумтөрдүн калдык сактоочу жайындагы 121 тонна алтын мамлекеттик баланска кирди

Кумтөрдүн калдык сактоочу жайындагы 121 тонна алтын мамлекеттик баланска кирди

2021-2025-жылдар аралыгында Кыргызстандын тоо-кен тармагында инвестициялар, геологиялык чалгындоо жана кайра иштетүү багыттарында олуттуу жыйынтыктарга жетишилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Айрыкча, 2024-2025-жылдары жаңы долбоорлор ишке кирип, запастар мамлекеттик баланска кошулду. 2024-жылы "Кумтөр" кенинде жүргүзүлгөн геологиялык чалгындоонун жыйынтыгында алтындын запасы 147,4 тоннага көбөйдү.

Жеңил унааларды сатууда убактылуу салыктык жеңилдиктер киргизилди

Жеңил унааларды сатууда убактылуу салыктык жеңилдиктер киргизилди

Мамлекеттик салык кызматы жеңил автомототранспорт каражаттарын сатууга байланыштуу убактылуу салыктык жеңилдиктер киргизилгенин маалымдады. Өзгөртүүлөр Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 31-декабрында кол койгон мыйзамга ылайык кабыл алынган. Аталган ченемдер 2029-жылдын 1-январына чейин күчүндө болуп, ТЭИ ТН 8703 товар позициясына кирген жеңил автомототранспорт каражаттарына тиешелүү. Тактап айтканда, мыйзам менен төмөнкү жеңилдиктер каралган: * жеке