Бишкекте 3-ноябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкекте 3-ноябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

Мэриядан билдиришкендей, 3-ноябрь күнү саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суунун өчүрүлүшү диаметри 300 мм суу түтүгүндөгү авариялык оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Асаналиев – Алтымышев – Бакаев – Циолковский көчөлөрү.

«Бишкексууканал» МИси жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, уюмдарды жана шаар тургундарын алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Мыкты студенттерге бүгүн президенттик стипендия тапшырылды

Мыкты студенттерге бүгүн президенттик стипендия тапшырылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Жогорку окуу жайлардын 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. Мамлекет башчысы студенттердин алдында сөз сүйлөп, Президенттик стипендия – бул жөн эле бир материалдык колдоо эмес, студенттердин талыкпаган эмгегинин, ташкындаган талантынын жыйынтыгы жана аларга шык берүү аракети экенин белгиледи. “Бүгүн биз өлкөбүздүн билим берүү системасын эл аралык талаптарга

Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергишликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын суу менен камсыздоо жакшырат

Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергишликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын суу менен камсыздоо жакшырат

Президент Садыр Жапаров “Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарындагы суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кыргызстан менен Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2019-жылдын 23-майында кол коюлган кредиттик жана 2025-жылдын 14-апрелинде кол коюлган гранттык келишимди ратификациялоо мыйзамына кол койду.   Аталган мыйзам 2025-жылы 25-сентябрда Жогорку Кеңеш тарабынан

Кыргызстанда банк кызматкерлеринин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча меморандумга кол коюлду

Кыргызстанда банк кызматкерлеринин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча меморандумга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Банктар союзу жана “Криптоинфраструктураны өнүктүрүү” фонду санариптик кызматташтык максатында келишим түздү. Санариптик трансформация жолундагы стратегиялык мааниге ээ кадам Бишкекте Кыргыз Республикасынын Банктар союзу менен “Криптоинфраструктураны жана санариптик экономиканы өнүктүрүү” коомдук фонду кызматташтык жана өз ара аракеттешүү боюнча меморандумга кол коюшту.  Меморандум банк кызматкерлеринин санариптик сабаттуулугун жогорулатууга, виртуалдык активдер,

РоссиядаTelegram и WhatsApp мессенджерлери иштебей баштады

РоссиядаTelegram и WhatsApp мессенджерлери иштебей баштады

Россиянын айрым райондорунда  Telegram и WhatsApp мессенджерлери жабылып баштаганын The Moscow Times редакциясы жарыялады. Колдонуучулардын айтымында, тиркеме бирде иштеп, бирде иштебей жатат.  “Интернетти коргоо коомунун” жетекчиси Михаил Климарев WhatsApp россиялык бир катар региондордо такыр иштебей калганын билдирип чыккан. Анын билдиришинче, мессенджерлер дүйнө жүзүндө жакшы иштеп жатат,  демек мындай иштебей калуу