Кореяда иштеген кыргызстандыктар пенсиялык төлөмүн ала башташты
    Түштүк Кореяда иштеп, пенсиялык төгүмдөрдү төлөгөн кыргызстандыктар эми Кыргызстанга кайткандан кийин бир жолку төлөм ала алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан 139 кыргызстандык төлөм алуу үчүн кайрылган. Алардын ичинен 96сы каралып, акчалары төлөнгөн, калган 43ү учурда чечимди күтүп жатат.
Бир жолку төлөмдүн орточо суммасы 3 642 АКШ долларын түзөт.