Э.Гареев атындагы ботаникалык бакка футбол аянтчалары курулат

Э.Гареев атындагы ботаникалык бакка футбол аянтчалары курулат

Э. Гареев атындагы Ботаникалык бактын Ахунбаев көчөсү жагында футбол аянтчаларын куруу пландалып жатканын Kaktus.media агенттиги Улуттук илимдер академиясына караштуу мекеменин маалыматына таянуу менен билдирди.

Ботаникалык бактын басма сөз катчысы Ажар Жабиеванын айтымында, Президенттин иш башкармалыгы борбордук кире бериштин сол тарабында, 7-Апрель көчөсүнүн боюнда эки футбол аянтчасынын курулушун баштаган. Учурда алардын пайдубалы куюлуп бүткөн.

"Ал жерде топурак таштак, – деди ал, – суу жок болгондуктан эч нерсе өспөйт. Бир нече жыл бою өсүмдүктөр отургузулса да, натыйжа болгон эмес".

Мындан тышкары, Жабиеванын маалыматына ылайык, ботаникалык бактын аймагында конференц-зал, амфитеатр, балдар аянтчасы жана воркаут-зона курулат. Ошондой эле чуркоо жолу, велосипед жолу жана өзүнчө жөө басуу үчүн жол салынат. Бул жолдорго атайын жумшак жабуу төшөлөт.

Президенттин иш башкармалыгы ботаникалык бактын бүткүл аймагына тамчылатып сугаруу системасын уюштуруу иштерин да улантууда.

Жабиева курулуштун качан аяктары жана бюджетинин көлөмү тууралуу маалымат жок экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бажы кызматынан мамлекеттик бюджетке 518, 5 млн сом түштү

Бажы кызматынан мамлекеттик бюджетке 518, 5 млн сом түштү

Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында укук коргоо бөлүмдөрүнүн 2026-жылдын 1-чейреги боюнча жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, отчеттук мезгилде контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 4 861 укук бузуу жана кылмыш фактысы аныкталды. 4 718 укук бузуу иши козголуп, алардын жыйынтыгы

Паспорт жана башка документтер 34%га кымбаттадыбы?

Паспорт жана башка документтер 34%га кымбаттадыбы?

Депутат Дастан Бекешев мамлекеттик документтерге, түрдүү маалымкат кагаздарга баа көтөрүлгөнүн парламент жыйынында сүйлөп жатып айтты. Бекешев Министрлер Кабинетинин тѳрагасы демилгелеген “Баа түзүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысы эселеп өскөнүн айтты: "Түрдүү маалымкаттар, өзүбүз басып чыгарып жаткан паспорт жана башка бардык документтер

Кыргызстандагы жыл башынан берки интервенция 893 млн долларды түздү

Кыргызстандагы жыл башынан берки интервенция 893 млн долларды түздү

Жыл башынан бери валюталык интервенциялардын көлөмү 893,45 млн долларды түзгөнүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. "Абсолюттук көрсөткүчтө бул сумма мурунку жылдарга караганда жогору. Бирок Кыргыз Республикасынын экономикасы акыркы 4 жылда жылына туруктуу түрдө 10% өсүп жатат. Реалдуу сектордогу жүгүртүүнүн олуттуу көбөйүшү тышкы соода

Кыргызстандын эл аралык камдары 9 млрд доллардан ашты

Кыргызстандын эл аралык камдары 9 млрд доллардан ашты

2026-жылдын 22-апрелине карата өлкөнүн эл аралык камдарынын көлөмү 9 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Азат Козубековдун айтымында, жыл башынан бери эл аралык резервдер 4,7%га көбөйгөн.   Бул көрсөткүч өлкөнүн тышкы экономикалык туруктуулугун бекемдөөдө маанилүү ролду ойнойт. Ал эми Улуттук банктын бардык жүргүзүп жаткан