Акциздик маркасы жок 3,4 миң литр мотор майларын аныкташты

Акциздик маркасы жок 3,4 миң литр мотор майларын аныкташты

КРнын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө акциздик маркасы жок мотор майларын аныкташты.

МСКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жайгашкан кампаны текшерүү учурунда жалпы көлөмү 3 миң 400 литр болгон 170 канистр акциздик маркасы жок мотор майлары табылган. Мындан тышкары, баштапкы коштомо документтери жок ар кандай түрдөгү оор жүк ташуучу унаалардын муздатуу системасынын 75 радиатору аныкталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча табылган продукция андан ары сатуу максатында сакталып турган. Бул факты боюнча Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлдү. Материалдар юридикалык баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Э.Гареев атындагы ботаникалык бакка футбол аянтчалары курулат

Э.Гареев атындагы ботаникалык бакка футбол аянтчалары курулат

Э. Гареев атындагы Ботаникалык бактын Ахунбаев көчөсү жагында футбол аянтчаларын куруу пландалып жатканын Kaktus.media агенттиги Улуттук илимдер академиясына караштуу мекеменин маалыматына таянуу менен билдирди. Ботаникалык бактын басма сөз катчысы Ажар Жабиеванын айтымында, Президенттин иш башкармалыгы борбордук кире бериштин сол тарабында, 7-Апрель көчөсүнүн боюнда эки футбол аянтчасынын курулушун баштаган. Учурда

Кыргызстанда Беккари чуңкурлары крематорийлерге алмаштырылат

Кыргызстанда Беккари чуңкурлары крематорийлерге алмаштырылат

Депутат Салтанат Аманова Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында райондордо Беккари чуңкурларын уюштуруу зарыл экендигин билдирди. Анын айтымында, Ош шаарында бир гана Беккари чуңкуру бар, ал 1970-жылдары курулган жана азыр толуп калган. Ушундан улам жергиликтүү тургундар малдын өлүгүн каалаган жерге

Түркиянын мейманканаларында иштөөнү каалагандар тандалат

Түркиянын мейманканаларында иштөөнү каалагандар тандалат

Бишкек шаарында 13-январда Түркияда мейманкана тейлөө тармагында иштөөнү каалаган кыргызстандыктар үчүн маектешүү өтөрүн Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору маалымдады. Маектешүүгө төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлер чакырылат: * жаш курагы 18ден 35ке чейин болушу керек; * түрк, англис же башка чет тилдеринин бирин билүүсү зарыл; * төмөнкү адистиктер боюнча талапкерлер

Катуу суукка байланыштуу Нарын районундагы мектептер аралыктан окууга өттү

Катуу суукка байланыштуу Нарын районундагы мектептер аралыктан окууга өттү

Аба ырайынын –35 градуска чейин төмөндөшүнө байланыштуу Нарын районундагы жалпы 32 мектеп убактылуу аралыктан окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Элвира Жанболотова "Кабар" агенттигине билдирген. Анын айтымында, мындай чечим бүгүн өткөн штабдык жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган. Мектептер кыш мезгилине даяр болгонуна карабастан, катуу