Алдамчылар Улуттук банктын атынан жеңилдетилген кредит берүү жөнүндө маалыматты таратууда

Алдамчылар Улуттук банктын атынан жеңилдетилген кредит берүү жөнүндө маалыматты таратууда

Белгисиз адамдар Telegram месенджери аркылуу пайдалуу шарттар менен жеңилдетилген кредит алууга көмөк көрсөтүүнү жарандарга убада кылышууда.

Ишенимге кирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди, Улуттук банктын лицензиясын көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, алдамчылар ар кандай шылтоо менен (камсыздандыруу, комиссия ж.б.) жарандарга акча которуу зарылдыгын айтышып, жасалма кредиттик келишимди жөнөтүп жатышат.

Ушуга байланыштуу, Улуттук банк – кезектеги алдамчылык схемага ишенбей, эч убакта бейтааныш адамдарга акча которбоону сунуштайт. Ошондой эле Улуттук банк жеке адамдарды тейлебейт, эсеп ачпайт жана калкка кредит бербейт – деп эскертилет маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Э.Гареев атындагы ботаникалык бакка футбол аянтчалары курулат

Э.Гареев атындагы ботаникалык бакка футбол аянтчалары курулат

Э. Гареев атындагы Ботаникалык бактын Ахунбаев көчөсү жагында футбол аянтчаларын куруу пландалып жатканын Kaktus.media агенттиги Улуттук илимдер академиясына караштуу мекеменин маалыматына таянуу менен билдирди. Ботаникалык бактын басма сөз катчысы Ажар Жабиеванын айтымында, Президенттин иш башкармалыгы борбордук кире бериштин сол тарабында, 7-Апрель көчөсүнүн боюнда эки футбол аянтчасынын курулушун баштаган. Учурда

Кыргызстанда Беккари чуңкурлары крематорийлерге алмаштырылат

Кыргызстанда Беккари чуңкурлары крематорийлерге алмаштырылат

Депутат Салтанат Аманова Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында райондордо Беккари чуңкурларын уюштуруу зарыл экендигин билдирди. Анын айтымында, Ош шаарында бир гана Беккари чуңкуру бар, ал 1970-жылдары курулган жана азыр толуп калган. Ушундан улам жергиликтүү тургундар малдын өлүгүн каалаган жерге

Түркиянын мейманканаларында иштөөнү каалагандар тандалат

Түркиянын мейманканаларында иштөөнү каалагандар тандалат

Бишкек шаарында 13-январда Түркияда мейманкана тейлөө тармагында иштөөнү каалаган кыргызстандыктар үчүн маектешүү өтөрүн Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору маалымдады. Маектешүүгө төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлер чакырылат: * жаш курагы 18ден 35ке чейин болушу керек; * түрк, англис же башка чет тилдеринин бирин билүүсү зарыл; * төмөнкү адистиктер боюнча талапкерлер

Катуу суукка байланыштуу Нарын районундагы мектептер аралыктан окууга өттү

Катуу суукка байланыштуу Нарын районундагы мектептер аралыктан окууга өттү

Аба ырайынын –35 градуска чейин төмөндөшүнө байланыштуу Нарын районундагы жалпы 32 мектеп убактылуу аралыктан окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Элвира Жанболотова "Кабар" агенттигине билдирген. Анын айтымында, мындай чечим бүгүн өткөн штабдык жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган. Мектептер кыш мезгилине даяр болгонуна карабастан, катуу