Бишкекте эки акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарындагы эки акча алмаштыруучу бюрого 55 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Бул чаралар валюта алмашуу операциялары жаатындагы мыйзам талаптары бузулгандыгы жана финансылык тартипти сактоо максатында көрүлдү.
Азыркы тапта Кыргызстан боюнча Улуттук банктын лицензиясын алып, ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан 821 акча алмаштыруучу жай бар.