Бишкектин айрым райондорунда жылуулук берүү убактылуу токтотулат

Бишкектин айрым райондорунда жылуулук берүү убактылуу токтотулат

Бишкекте 4-ноябрь саат 20:00дөн 6-ноябрь саат 16:00гө чейин Учкун кичи району, Казан Булак көчөсү 10, Үч тулга көчөсү 15 даректери боюнча жылуулук тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу жылуулук берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мындан тышкары, 4-ноябрь саат 13:00дөн 9-ноябрь саат 16:00гө чейин А.Сүйүмбаев көчөсү 2, Т. Герцен көчөсү 1 жана 6 даректери, ошондой эле 4-ноябрдан 6-ноябрга чейин Чүй проспектиси 115, 117, 119 даректери боюнча жылуулук токтотулат.

Муниципалдык “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы жылуулук берүү учурунда техникалык мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн экенин, бардык маселелер дароо чечилип, адистер тарабынан кыска мөөнөттө оңдолорун билдирет. "Шаар тургундарын убактылуу ыңгайсыздык үчүн түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз",- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Э.Гареев атындагы ботаникалык бакка футбол аянтчалары курулат

Э.Гареев атындагы ботаникалык бакка футбол аянтчалары курулат

Э. Гареев атындагы Ботаникалык бактын Ахунбаев көчөсү жагында футбол аянтчаларын куруу пландалып жатканын Kaktus.media агенттиги Улуттук илимдер академиясына караштуу мекеменин маалыматына таянуу менен билдирди. Ботаникалык бактын басма сөз катчысы Ажар Жабиеванын айтымында, Президенттин иш башкармалыгы борбордук кире бериштин сол тарабында, 7-Апрель көчөсүнүн боюнда эки футбол аянтчасынын курулушун баштаган. Учурда

Кыргызстанда Беккари чуңкурлары крематорийлерге алмаштырылат

Кыргызстанда Беккари чуңкурлары крематорийлерге алмаштырылат

Депутат Салтанат Аманова Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында райондордо Беккари чуңкурларын уюштуруу зарыл экендигин билдирди. Анын айтымында, Ош шаарында бир гана Беккари чуңкуру бар, ал 1970-жылдары курулган жана азыр толуп калган. Ушундан улам жергиликтүү тургундар малдын өлүгүн каалаган жерге

Түркиянын мейманканаларында иштөөнү каалагандар тандалат

Түркиянын мейманканаларында иштөөнү каалагандар тандалат

Бишкек шаарында 13-январда Түркияда мейманкана тейлөө тармагында иштөөнү каалаган кыргызстандыктар үчүн маектешүү өтөрүн Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору маалымдады. Маектешүүгө төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлер чакырылат: * жаш курагы 18ден 35ке чейин болушу керек; * түрк, англис же башка чет тилдеринин бирин билүүсү зарыл; * төмөнкү адистиктер боюнча талапкерлер

Катуу суукка байланыштуу Нарын районундагы мектептер аралыктан окууга өттү

Катуу суукка байланыштуу Нарын районундагы мектептер аралыктан окууга өттү

Аба ырайынын –35 градуска чейин төмөндөшүнө байланыштуу Нарын районундагы жалпы 32 мектеп убактылуу аралыктан окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Элвира Жанболотова "Кабар" агенттигине билдирген. Анын айтымында, мындай чечим бүгүн өткөн штабдык жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган. Мектептер кыш мезгилине даяр болгонуна карабастан, катуу