Быйыл 74,2 миң ири мүйүздүү мал жасалма жол менен уруктандырылды
2025-жылга ири мүйүздүү малдарды жасалма жол менен уруктандыруу максатында сатылып алынуучу уруктук материалдардын жалпы көлөмү - 270 миң дозаны түзөт. Бүгүнкү күндө республика боюнча дээрлик бардык облустарга графикке ылайык 98 миңден ашуун урук материалдары акысыз таратылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Мындан тышкары, урук менен бирге “Элита” мамлекеттик ишканасы тарабынан өндүрүлгөн 7 тоннадан ашуун суюк азот да атайын автоунаалар аркылуу райондук ветеринардык башкармалыктарга жеткирилип, андан ары техник-уруктандыруучуларга берилүүдө.
Учурда 264 техник-уруктандыруучу менен райондук ветеринардык башкармалыктардын ортосунда кызматташуу боюнча келишимдер түзүлгөн.
2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгында республика боюнча 74 248 баш уй жасалма жол менен уруктандырылды, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 763 башка көп.
Жасалма уруктандыруу иштеринин кеңейиши мал чарбасын өнүктүрүүгө, асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө жана эт-сүт багытындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт.