Кыргызстан-Египет: дипломатиялык паспорт ээлери үчүн виза талаптарын жокко чыгарат
Күн мурун Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абделатти менен жолугушту.
Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Египет Араб Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө келишимге кол коюлду.
Тараптар саясий диалогду өнүктүрүүгө, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилешти.
Бул келишим эки өлкө ортосундагы кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө жана экономикалык, туристтик жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.