Кыргызстан менен Катар социалдык өнүгүү жаатында кызматташууну бекемдейт

Кыргызстан менен Катар социалдык өнүгүү жаатында кызматташууну бекемдейт

Доха шаарында (Катар) өтүп жаткан Экинчи дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Катардын Үй-бүлө жана социалдык өнүгүү министри Бутайна бинт Али Аль Жабр Аль Нуайми менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда социалдык жана эмгек тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланып, социалдык коргоо системасын өнүктүрүү, калктын аяр катмарына колдоо көрсөтүү жана үй-бүлөнүн коомдогу ролун бекемдөө маселелерине көңүл бурулду.

Тараптар социалдык саясатты санариптештирүү, балалуу үй-бүлөлөрдү жана майыптуулугу бар жарандарды колдоо, ошондой эле жаштарды иш менен камсыз кылуу жана кесиптик окутуу багытында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Министр Канат Сагынбаев менен Бутайна бинт Али Аль Жабр Аль Нуайми социалдык кызматташтыкты чыңдоонун маанисин белгилеп, эки министрликтин ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар социалдык өнүгүү жана жарандардын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган кызматташууну мындан ары да улантууну макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Э.Гареев атындагы ботаникалык бакка футбол аянтчалары курулат

Э.Гареев атындагы ботаникалык бакка футбол аянтчалары курулат

Э. Гареев атындагы Ботаникалык бактын Ахунбаев көчөсү жагында футбол аянтчаларын куруу пландалып жатканын Kaktus.media агенттиги Улуттук илимдер академиясына караштуу мекеменин маалыматына таянуу менен билдирди. Ботаникалык бактын басма сөз катчысы Ажар Жабиеванын айтымында, Президенттин иш башкармалыгы борбордук кире бериштин сол тарабында, 7-Апрель көчөсүнүн боюнда эки футбол аянтчасынын курулушун баштаган. Учурда

Кыргызстанда Беккари чуңкурлары крематорийлерге алмаштырылат

Кыргызстанда Беккари чуңкурлары крематорийлерге алмаштырылат

Депутат Салтанат Аманова Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында райондордо Беккари чуңкурларын уюштуруу зарыл экендигин билдирди. Анын айтымында, Ош шаарында бир гана Беккари чуңкуру бар, ал 1970-жылдары курулган жана азыр толуп калган. Ушундан улам жергиликтүү тургундар малдын өлүгүн каалаган жерге

Түркиянын мейманканаларында иштөөнү каалагандар тандалат

Түркиянын мейманканаларында иштөөнү каалагандар тандалат

Бишкек шаарында 13-январда Түркияда мейманкана тейлөө тармагында иштөөнү каалаган кыргызстандыктар үчүн маектешүү өтөрүн Эмгек министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору маалымдады. Маектешүүгө төмөнкү талаптарга жооп берген талапкерлер чакырылат: * жаш курагы 18ден 35ке чейин болушу керек; * түрк, англис же башка чет тилдеринин бирин билүүсү зарыл; * төмөнкү адистиктер боюнча талапкерлер

Катуу суукка байланыштуу Нарын районундагы мектептер аралыктан окууга өттү

Катуу суукка байланыштуу Нарын районундагы мектептер аралыктан окууга өттү

Аба ырайынын –35 градуска чейин төмөндөшүнө байланыштуу Нарын районундагы жалпы 32 мектеп убактылуу аралыктан окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Элвира Жанболотова "Кабар" агенттигине билдирген. Анын айтымында, мындай чечим бүгүн өткөн штабдык жыйындын жүрүшүндө кабыл алынган. Мектептер кыш мезгилине даяр болгонуна карабастан, катуу