Кыргызстанда айдоочуларды онлайн окуткан автомектептер ачылат
Кыргызстанда келечектеги айдоочуларды онлайн форматта окуткан автомектептерди түзүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин санариптештирүү боюнча орун басары Алмаз Раимбеков түз эфирде билдирди.
Жаңы формат сабакка күндүз келе албаган жарандарга жол кыймылынын эрежелерин аралыктан өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Раимбековдун айтымында, бул система балдары бар аялдар жана башка себептер менен класска келе албай калгандар үчүн да актуалдуу.
«Бардык шарттарды түзөбүз. Бүгүнкү күндө чоң университеттер онлайн окутууга өтүп жатышат жана натыйжасы абдан жакшы болуп жатат. Бул практикада да ырасталды», — деп белгиледи ал.
Мындан тышкары, болочок айдоочулар үчүн практикалык сабактардын программасы да иштелип чыгып, жакын арада коомчулукка сунуштала турганы айтылды.