Нарында 261 млн сомго үч кабаттуу мектеп курулууда

Нарында 261 млн сомго үч кабаттуу мектеп курулууда

Курулуш министрлиги Нарын облусунун Кочкор районунда И.Арабаев атындагы мектептин курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы суммасы 261 миллион сомду түзөт. “Т” формасындагы мектеп 500 окуучуга ылайыкталып, үч кабаттуу окуу корпусу жана спорт залынан турат. Жалпы аянты 4136 чарчы метр.

Курулуш 2023-жылдын ноябрында башталып, азыркы учурда 70 пайызга аткарылды. Мектептин курулушунун аякталышы жергиликтүү билим берүү инфраструктурасын чыңдоого чоң салым кошот.

Мындан тышкары окуңуз

Кепилдик фонду менен Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишкердикти колдоо боюнча макулдашты

Кепилдик фонду менен Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишкердикти колдоо боюнча макулдашты

«Кепилдик фонд» ААК менен Венгр-Кыргыз өнүктүрүү фонду КРда ишкердикти колдоого багытталган кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюшту. Бул документ ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында тараптардын өз ара аракеттенүүсүн, айрыкча, жетишсиз күрөөгө ээ болгон ишкерлерге кепилдик берүү аркылуу насыя алууга шарт түзүүгө багытталат. Макулдашууга «Кепилдик фонд» ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров жана

Статком колдонуучулардын канааттануу деңгээли боюнча сурамжылоо жүргүзүүдө

Статком колдонуучулардын канааттануу деңгээли боюнча сурамжылоо жүргүзүүдө

Улуттук статистика комитети өзүнүн ишмердүүлүгүнө жана берилүүчү статистикалык маалыматтарга колдонуучулардын канааттануу даражасын аныктоо боюнча сурамжылоо баштады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтында жарыяланды. Сурамжылоонун максаты — жарандардын, уюмдардын жана башка колдонуучулардын статистикалык маалыматтын сапаты, маалыматка жеткиликтүүлүгү жана комитеттин расмий сайтынын иши жөнүндө пикирин билүү. Алынган жооптор сервистерди жакшыртууга, ачык-айкындуулукту жогорулатуу

Кыргызстанда айдоочуларды онлайн окуткан автомектептер ачылат

Кыргызстанда айдоочуларды онлайн окуткан автомектептер ачылат

Кыргызстанда келечектеги айдоочуларды онлайн форматта окуткан автомектептерди түзүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин санариптештирүү боюнча орун басары Алмаз Раимбеков түз эфирде билдирди. Жаңы формат сабакка күндүз келе албаган жарандарга жол кыймылынын эрежелерин аралыктан өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Раимбековдун айтымында, бул система балдары бар аялдар жана башка себептер менен класска

Сот аткаруучулары казынага 9 айда 510 млн сом кайтарышты

Сот аткаруучулары казынага 9 айда 510 млн сом кайтарышты

2025-жылдын 9 айында Башкы прокуратуранын Сот аткаруучулар кызматы мамлекеттик казынага 510 млн 889 миң сом  жана 165 миллиондон ашык сомго бааланган мүлктү кайтарууга жетишкенин аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.  Аталган кызматтын билдиришинче, 2024-жылдын 9 айында 464 млн 570 миң сом мамлекетке кайтарылган. Быйылкы жылдын сентябрь айынын жыйынтыгы боюнча республика боюнча