Ошто борбордук стадиондун кире бериши жаңыланат
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык башкармалыгы борбордук А. Сүйүмбаев атындагы стадиондун кире беришин көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор даярдады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Мурда стадион айланасы ар түрдүү учурларда жеке жактарга пайдаланууга берилип, башаламан курулуштар пайда болгон. Бул абал стадиондун сырткы көрүнүшүнө жана эл аралык стандарттарга ылайык келүүсүнө терс таасир эткен.
Жаңы долбоорго ылайык, кире бериш аймагы иретке келтирилип, жашылдандырылып, шаар тургундары үчүн ачык коомдук мейкиндикке айландырылат.


