Таластагы Семетей айылын таза суу менен камсыздоого 25 млн сом бөлүндү
Талас облусуна карашту Манас районунун Семетей айылын таза суу менен камсыздоо үчүн 25 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Ага Семетей айылынын эски суу топтоочу жайындагы 4 скважина тазаланган. Аталган маселе 2024-жылы өткөн III Элдик Курултайдын делегаттары тарабынан көтөрүлгөн.
Андан сырткары, К.Жаманкулов жана Ажыбек Датка көчөлөрүнүн кудукчаларынын тетиктерин алмаштыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле райондогу Кыдыралы каналынын жээктерин көтөрүүгө райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан 1 км аралыктагы жумуш аткарылды.



