Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат
2020-жылы тарта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген.
Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 366 суроо-талап жиберилип, баары иштелип чыккан жана аларга тиешелүү жооптор берилген.
Келишимдин алкагында Түркия Республикасы Кыргыз Республикасынын 1 жаранына пенсия чектегендигин КРнын Социалдык фондунан маалымдашты.