"Жаннат Резорттун" жанындагы уруксатсыз курулуш буздурулду

"Жаннат Резорттун" жанындагы уруксатсыз курулуш буздурулду

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун жана шаар куруу талаптарынын сакталышын камсыздоо боюнча көзөмөл иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кезектеги текшерүү Чүй облустук прокуратурасынын катынын негизинде "Жаннат Резорт" мейманканасынын жанында курулган жеңил конструкциядагы объектке карата жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө Аламүдүн дарыясынын жээгинде жайгашкан бул жеңил конструкциядагы чатыр тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок курулгандыгы аныкталды. 

Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн “МАБ-БУЛА” ЖЧКсына мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилди жана мыйзамсыз курулуш менчик ээлеринин тарабынан өз ыктыяры менен буздурулду. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда айдоочуларды онлайн окуткан автомектептер ачылат

Кыргызстанда айдоочуларды онлайн окуткан автомектептер ачылат

Кыргызстанда келечектеги айдоочуларды онлайн форматта окуткан автомектептерди түзүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин санариптештирүү боюнча орун басары Алмаз Раимбеков түз эфирде билдирди. Жаңы формат сабакка күндүз келе албаган жарандарга жол кыймылынын эрежелерин аралыктан өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Раимбековдун айтымында, бул система балдары бар аялдар жана башка себептер менен класска

Сот аткаруучулары казынага 9 айда 510 млн сом кайтарышты

Сот аткаруучулары казынага 9 айда 510 млн сом кайтарышты

2025-жылдын 9 айында Башкы прокуратуранын Сот аткаруучулар кызматы мамлекеттик казынага 510 млн 889 миң сом  жана 165 миллиондон ашык сомго бааланган мүлктү кайтарууга жетишкенин аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.  Аталган кызматтын билдиришинче, 2024-жылдын 9 айында 464 млн 570 миң сом мамлекетке кайтарылган. Быйылкы жылдын сентябрь айынын жыйынтыгы боюнча республика боюнча

Нарында 261 млн сомго үч кабаттуу мектеп курулууда

Нарында 261 млн сомго үч кабаттуу мектеп курулууда

Курулуш министрлиги Нарын облусунун Кочкор районунда И.Арабаев атындагы мектептин курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы суммасы 261 миллион сомду түзөт. “Т” формасындагы мектеп 500 окуучуга ылайыкталып, үч кабаттуу окуу корпусу жана спорт залынан турат. Жалпы аянты 4136 чарчы метр.

Таластагы Семетей айылын таза суу менен камсыздоого 25 млн сом бөлүндү

Таластагы Семетей айылын таза суу менен камсыздоого 25 млн сом бөлүндү

Талас облусуна карашту Манас районунун Семетей айылын таза суу менен камсыздоо үчүн 25 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ага Семетей айылынын эски суу топтоочу жайындагы 4 скважина тазаланган. Аталган маселе 2024-жылы өткөн III Элдик Курултайдын делегаттары тарабынан көтөрүлгөн. Андан сырткары, К.Жаманкулов жана Ажыбек