Бишкек жана Ош шаардык башкармалыктары тажрыйба алмашууда

Бишкек жана Ош шаардык башкармалыктары тажрыйба алмашууда

Бишкек шаарынын мэриясында Ош шаарынын мэриясынын делегациясы менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Анын жүрүшүндө тараптар эки шаарга тең актуалдуу болгон негизги багыттарды: турак жай-коммуналдык чарбаны жакшыртуу жана өнүктүрүү, шаардык кызматтарды санариптештирүү, муниципалдык менчикти эффективдүү башкаруу, инфраструктураны модернизациялоо, экологиялык чечимдерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Учурда Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү борбор калаанын алдыңкы уюмдарынын иши менен таанышууда, анын ичинде:
– “Бишкекжылуулукэнерго”
– Бишкексууканал
– Тазалык
– Муниципалдык инспекция
– Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти
– Санарип технологиялар борбору жана мэриянын башка бөлүмдөрү.

Тараптар диалогду улантууга жана кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экендигин ырасташты. Алар мындай демилгелер адистердин кесиптик өнүгүшүнө гана эмес, шаардык чөйрөнүн сапатынын туруктуу өсүшүнө жана калктын жашоо деңгээлинин жогорулашына да өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Алтын менен күмүштүн баалары рекорддук чекке жетти

Алтын менен күмүштүн баалары рекорддук чекке жетти

Алтын жана күмүш баалары тарыхый жогорку чекке жеткенин Риа Новости жазды. Нью-Йорктагы Comex биржасында февраль айына карата алтын фьючерси 80,55 долларга же 1,79%га өсүп, 4581,45 долларга жетти. Сооданын ичинде баасы эң жогорку чекке – 4612,4 долларга чыккан. Март айына күмүш фьючерси 5,27%га өсүп, 83,

В. Путин КМШ өлкөлөрүндө алимент өндүрүү боюнча мыйзам долбоорлорун Мамдумага жиберди

В. Путин КМШ өлкөлөрүндө алимент өндүрүү боюнча мыйзам долбоорлорун Мамдумага жиберди

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Мамлекеттик думага КМШ өлкөлөрүндө алимент өндүрүү боюнча протоколдорду ратификациялоого байланыштуу мыйзам долбоорлорун киргизди. Документтер Россиянын Мамлекеттик Думасынын электрондук базасында жарыяланды. 1993-жылдын 22-январы жана 2002-жылдын 7-октябры боюнча жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштерине байланыштуу укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенцияларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдор 2025-жылдын 13-майында

Жеке ишкерликти кайра каттоо 10 мүнөттү гана алат

Жеке ишкерликти кайра каттоо 10 мүнөттү гана алат

Кыргызстандын Салык кызматы индивидуалдык ишкерлерди онлайн түрдө кайра каттоочу сервисти Cabinet.salyk.kg порталына киргизгенин ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады. Жаңы санариптик чечим ишкерлерге каттоо маалыматтарын алыстан, салык органдарына жеке барып-келбестен өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мурда бул процедура 2–3 иш күнүн талап кылса, эми ал толугу менен автоматташтырылып, орто эсеп

Манас шаарына Юстиция министрлигинин жаңы имараты салынды

Манас шаарына Юстиция министрлигинин жаңы имараты салынды

Манас шаарына Юстиция министрлигинин жаңы имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш, архиктектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш иштери 2025-жылдын апрель айында Курулуш министрлиги тарабынан башталган. Каржылоо мамлекеттик казынадан каралып, 158 миллион сом бөлүнгөн. Долбоорго ылайык, имарат 3 кабаттан туруп, заманбап үлгүдө курулган жана керектүү бардык жабдуулар менен