"Чоң жетилик" мунай корлорунун бир бөлүгүн бошотууга даяр экенин билдиришти

"Чоң жетилик" мунай корлорунун бир бөлүгүн бошотууга даяр экенин билдиришти

АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунан улам пайда болгон энергетикалык кризиске байланыштуу "чоң жетиликтин" (G7 – Англия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Японии) каржы министрлери мунай корлорунун (запастары) бир бөлүгүн бошотууга даяр экенин билдиришти. Бирок бул боюнча акыркы чечим али кабыл алына элек.

"Биз керектүү чараларды көрүүгө даярбыз, анын ичинде энергетикалык ресурстардын дүйнөлүк жеткирүүлөрүн колдоо үчүн, мисалы, мунай корлорду бошотуу аркылуу", — деп айтылат Франция 9-мартта уюштурган видеоконференциянын жыйынтыгында кабыл алынган биргелешкен билдирүүдө.

Ошол эле учурда француз тарап АКШ жана Израилдин Иранга каршы согушуна байланыштуу улуттук мунай резервдеринин бир бөлүгүн колдонуу боюнча чечим али кабыл алына электигин эскертти.
"Биз азырынча бул деңгээлге жете элекпиз", — деди Франциянын каржы министри Роланд Лескюр видеоконференциядан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип.
"Зарыл болсо рынокту турукташтыруу үчүн бардык керектүү каражаттарды колдонууга макулдаштык, анын ичинде резервдерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн да карайбыз", — деп кошумчалады ал.

Лескюрдун айтымында, жакынкы күндөрү бул багыттагы иштер улантылып, мунай рыногундагы абал кылдат көзөмөлдөнөт. G7 тобунун жыйынына ошондой эле Эл аралык энергетикалык агенттик уюмунун(ЭЭА) башчысы Фатич Бирол да катышып, министрлерге дүйнөлүк мунай рыногундагы абалдын начарлап баратканы тууралуу маалымат берген.

ЭЭАга кирген 32 мамлекеттин карамагында 1,2 млрд баррелден ашык стратегиялык мунай кору бар. Мындан тышкары, дагы 600 млн баррелге жакын өнөр жай корлору бар.

ЭЭАга мүчө өлкөлөр адатта мындай стратегиялык мунай резервдерин кризистик кырдаалда — мунай рыногун турукташтыруу же жеткирүү тартыштыгына жооп берүү үчүн — бошотушат. Бирок мындай чара абдан сейрек колдонулат.

Ошол эле күнү Европа комиссиясы билдиргендей, жеткирүү чынжырларындагы айрым үзгүлтүктөргө карабастан, Европа өлкөлөрүндө мунай жана газдын запастары жетиштүү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media