Бишкекте 26 коомдук даараткана курулат — даректери аныкталды

Бишкекте 26 коомдук даараткана курулат — даректери аныкталды

Бишкек мэриясында шаардагы коомдук дааратканаларды өнүктүрүү жана модернизациялоо маселеси талкууланып, төрт район боюнча 26 жаңы санитардык жай курула турган жер аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясында өткөн кеңейтилген жыйында белгилүү болду.

Төмөндө алардын даректери келтирилген:

* Шопоков көчөсү, «Улитка» имаратынын жанында;
* «Мадина» базары, 7-Апрель – Мамбетов көчөлөрү, көпүрөнүн астында;
* Жибек Жолу проспектиси – Алматы көчөсү, «Аламедин» базары;
* Улан кичи району: 7-Апрель – Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
* Анкара – Виноградная көчөлөрүнүн кесилиши, Этно-гүлбакча;
* 6-кичи район, Жаңгак токою;
* Безымянная – Ж. Пудовкин көчөлөрү;
* Абдрахманов – Саманчин көчөлөрүнүн кесилиши;
* Абдрахманов – Медеров көчөлөрүнүн кесилиши;
* Ахунбаев – Манас көчөлөрүнүн кесилиши, «Spar» дүкөнүнүн жанында;
* Чокморов – Шевченко көчөлөрү (ММБ жана ББАнын жанында);
* Алтымышев – Тыныбеков көчөлөрүнүн кесилиши («Люкс» багынын жанында);
* Садырбаев көчөсү, «Сакалдуу гүл» паркы;
* Жайыл Баатыр – Чортеков көчөлөрү, 4-шаардык оорукананын жанындагы сейил бак;
* Чортеков – Айни көчөлөрүнүн кесилиши, 4-шаардык оорукананын жанындагы гүл бакча;
* Айни – Осмонов көчөлөрүнүн кесилиши, жаңы гүл бакча;
* Мурман – Абакан көчөлөрүнүн кесилиши, жаңы сейил бак  курулууда (ККБ);
* Бакаев – Айни көчөлөрүнүн кесилиши, Островский көчөсү;
* Токтогул – Эркиндик көчөлөрүнүн кесилиши;
* Тоголок Молдо сквери;
* «Россия» кинотеатры;
* Улуттук госпиталь;
* «Ала-Тоо» кинотеатры;
* Горький – Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиши, «Вефа» соода борбору;
* Абдрахманов – Киев көчөлөрүнүн кесилиши;
* Профсоюз – П. Лумумба көчөлөрүнүн кесилиши.

Жайгаштыруу аймактары жөө жүргүнчүлөрдүн, туристтик жана транспорттук агымдарды талдоонун негизинде, ошондой эле шаардыктардын сунуштары эске алынып аныкталган.

Жаңы дааратканалар инклюзивдик стандарттарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да ыңгайлуу шарттарды камтыйт.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөгү "Кырчын" турбазасы мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдөгү "Кырчын" турбазасы мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Кырчын капчыгайында жайгашкан "Кырчын" турбазасы мыйзам бузуу менен жеке жана юридикалык жактарга берилгени аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, мүлктүк комплекс 1997-жылы мыйзам талаптарын одоно бузуу менен менчикке өткөрүлгөн. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 501 млн сомду түзгөн "Кырчын"

Республикада мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иштери башталды

Республикада мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иштери башталды

Республика аймагында мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иш-чаралары башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Бекитилген планга ылайык, учурда 3-6 айлык ургаачы торпоктор бруцеллезге каршы эмделүүдө. Ошондой эле бодо малдан кан алынып, бул илдетке карата текшерүү жүргүзүлүп жатат. Үй жаныбарларын коргоо максатында

"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

Айбек Джунушалиев 16-мартта "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолугушуу өткөрүп, "Дордой" базарынын аймагын көрктөндүрүү маселесин талкуулады. Айрыкча базардын жанындагы көлгө жана анын айланасына өзгөчө көңүл бурулганын борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мэрдин айтымында, шаар бийлиги бизнести өнүктүрүүнү колдойт, бирок ал системалуу түрдө жана

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы арзандап, унциясы 5000 доллардан төмөн сатылып жатканын Интерфакс кабарлады. Маалыматка ылайык, алтындын баасы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам дүйнөдөгү инфляциянын тездешинен төмөндөп жатат.  Comex биржасында алтын болжол менен 1,3%га төмөндөп, унциясы 4995 долларды түздү. Ошол эле маалда күмүштүн да баасы арзандап жатат. Ал 4,4%