ИИМ: Whatsapp шылуундарынан сак болуңуздар!

ИИМ: Whatsapp шылуундарынан сак болуңуздар!

Ички иштер министрлиги жарандарды телефон шылуундары аркылуу жасалып жаткан алдамчылыктардын көбөйүшү тууралуу эскертет.

Шылуундар өздөрүн банк, укук коргоо органдары же башка мамлекеттик мекемелердин кызматкери катары тааныштырып, ар кандай шылтоолор менен жарандардын жеке маалыматтарын, банк карталарынын номерлерин жана SMS аркылуу келген коддорун алуу аракетин көрүшүүдө.

ИИМ эскертет:
•    белгисиз адамдарга жеке маалыматтарыңызды жана SMS-коддорду айтууга болбойт;
•    эч качан акча каражатын тааныш эмес адамдардын көрсөтмөсү менен которбоңуз;
•    шектүү чалуулар болгон учурда дароо жакынкы милиция бөлүмүнө же 102 номерине кайрылыңыз.

Жеке маалыматыңызды сактаңыз - алдамчылардын курмандыгы болбоңуз!
 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте миңдеген жаранга  жаңы батирлердин ачкычы тапшырылды

Бишкекте миңдеген жаранга жаңы батирлердин ачкычы тапшырылды

Бүгүн, Маликов көчөсү, 91 дарегинде жайгашкан “Мурас” турак жай комплексинен 1080 батир ээлерине тапшырылды. Тапшыруу аземине президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан билдиришти. Экинчи этапта 8 блоктон турган, жалпы 64 672 чарчы метр аянтты түзгөн батирлер берилди: * 1 бөлмөлүү – 360 батир * 2 бөлмөлүү – 432 батир * 3 бөлмөлүү

Меккеде кыргызстандык зыяратчылар үчүн акысыз мейманкана курула баштады

Меккеде кыргызстандык зыяратчылар үчүн акысыз мейманкана курула баштады

Мекке шаарында Кыргызстандын жарандары үчүн акысыз мейманкана куруу иштери башталганын жана ал жерде зыяратчылар жана студенттер жайгаша алышарын Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жүргүзүлүп жатат. Жаңы имарат Сауд Арабиясына келген кыргызстандыктардын, анын ичинде ажылык сапарга баргандардын

ИИМ жарандарды дропперликке байланышкан алдамчылыктан сак болууга чакырат

ИИМ жарандарды дропперликке байланышкан алдамчылыктан сак болууга чакырат

Ички иштер министрлиги жарандарды дропперликке байланышкан мыйзамсыз аракеттерден сак болууга чакырды. Дроппер – бул үчүнчү жактардын өтүнүчү менен өзүнүн банктык карталарын, эсептерин, электрондук капчыктарын же жеке маалыматтарын кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын которуу, накталай акчага айлантуу же жашыруу максатында пайдаланууга берген адам. "Жеңил киреше" сунуштары көбүнчө социалдык тармактар

Өзбекстандын алтын-валюта резерви 66,31 млрд долларга жетти

Өзбекстандын алтын-валюта резерви 66,31 млрд долларга жетти

Өзбекстандын алтын-валюта резервдери 2026-жылдын 1-январына карата 66,31 миллиард долларга жеткенин Борбордук банкы билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын декабрь айында резервдер $5,07 миллиардды түздү же 8,3%га көбөйгөн. Ал эми жыл жыйынтыгында жалпы өсүш 61%ды түзгөн. Резервдердин түзүмүндө алтын негизги орунду ээлеп келет. Алтын корунун (запастарынын) наркы 6-ай