Ош шаарында 2 га жерге сүттү кайра иштетүүчү цех курулууда

Ош шаарында 2 га жерге сүттү кайра иштетүүчү цех курулууда

Ош шаарында сүттү кайра иштетүү цехин куруу быйылкы жылга каралган 63 өндүрүштүк ишкананын тизмесине кирди. Ишкана үчүн жалпы 2 гектар жер зарыл, анын 1 гектары өнөр жай аймагына которулуп, 5 жылдык мөөнөткө «Обил Файз» ЖЧКсына берилген.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, учурда продукцияны сактоо үчүн 1 гектар жердин 0,12 гектарына заманбап логистикалык сактоочу жай курулуп, толук ишке берилди. Үзгүлтүксүз электр камсыздоону камсыз кылуу үчүн 450 кВт кубаттуулуктагы трансформатор орнотулуп, кошумча генератор да иштетилет.

Сүттү кайра иштетүү үчүн зарыл кубулуштардын курулушу жүрүп жатат. Бардык долбоордук-сметалык документтер толугу менен даярдалган жана юридикалык талаптарга жооп берет.

Ишкана ишмердүүлүгүн кеңейтүү максатында кошумча 1 гектар жер берилсе, продукцияны импорттон эмес, жергиликтүү өндүрүштөн алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул өздүк наркты төмөндөтүп, жарандарга сапаттуу азыктарды арзан баада сунуштоого өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк 3 акча алмаштыруучу жайга айып пул салды

Улуттук банк 3 акча алмаштыруучу жайга айып пул салды

Улуттук банк мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Бишкек жана Кант шаарларындагы 3 алмашуу бюросуна айып пул салды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросуна жана Кант шаарындагы бир алмашуу бюросуна административдик чара

Баткенде курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Баткенде курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Баткен районунун Самаркандек айыл аймагында ишке ашырылып жаткан “Таза-Суу” долбоорунун курулуш объектисинде мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Атап айтканда, курулуш иштеринин көзөмөлгө алынуучу негизги этаптары тиешелүү тартипте кабыл алынып, тапшырылган эмес. Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Инженерная Защита" ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам

Кыргызстанда чийки сүттүн базалык баасын аныктоо маселеси талкууланды

Кыргызстанда чийки сүттүн базалык баасын аныктоо маселеси талкууланды

Кечээ Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушуу Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы №724 “Чийки сүткө базалык бааларды белгилөө жөнүндө” токтому менен бекитилген чийки

Жыл башынан бери 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 логистикалык борбор ишке берилди

Жыл башынан бери 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 логистикалык борбор ишке берилди

2026-жылдын январь айында кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары тарабынан 8 млрд 91,6 млн сом суммасында тамак-аш азыктары, суусундуктар жана тамеки буюмдары өндүрүлдү. Физикалык көлөмдүн индекси 113,6 % түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары , айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 2026-жылга карата планга ылайык республика боюнча 75 кайра