Кыргызстанда чийки сүттүн базалык баасын аныктоо маселеси талкууланды

Кыргызстанда чийки сүттүн базалык баасын аныктоо маселеси талкууланды

Кечээ Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Жолугушуу Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы №724 “Чийки сүткө базалык бааларды белгилөө жөнүндө” токтому менен бекитилген чийки сүттүн базалык баасын аныктоо тартибин ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын аймактары боюнча чийки сүттүн базалык бааларын аныктоо маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында фермерлерди колдоо жана өлкөнүн аймактарында сүт тармагын өнүктүрүүнү илгерилетүү максатында чийки сүттүн базалык бааларын аныктоодо айкын жана тең салмактуу мамилени камсыздоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Министрлик тарабынан ведомстволор аралык жумушчу топтор менен иш алып баруу улантылат. Тартипке ылайык, чийки сүттүн базалык баалары ар бир сүттү кайра иштетүүчү завод үчүн бардык кызыкдар тараптардын пикирлерин эске алуу менен аныкталат.

Аталган баалар кышкы мезгил үчүн 15-сентябрга чейин, ал эми жайкы мезгил үчүн 15-мартка чейин белгиленип, кайра иштетүүчү ишканалардын чийки затка болгон керектөөсү жана баага таасир этүүчү башка факторлор эске алынат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин четиндеги эс алуучу аймактар ИИМ өкүлдөрү тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда

Бишкектин четиндеги эс алуучу аймактар ИИМ өкүлдөрү тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда

Май майрамдарынын күндөрүндө Бишкек шаарынын ИИББнын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өкүлдөрү шаар тургундары көп эс алган жайларда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылышууда. Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, күн жылышы менен борбор калаанын тургундары жаратылышта көбүрөөк убакыт өткөрүп, парктарга, жашыл аймактарга жана суу жээктерине барып эс алышууда.

Кыргызстандын ички авиакаттамдарынын максималдуу баасы аныкталды

Кыргызстандын ички авиакаттамдарынын максималдуу баасы аныкталды

2026-жылдын 1-майынан баштап, Бишкек-Ош жана Бишкек-Манас (ички авиа каттамдарында авиабилеттердин баасын координациялоо системасы киргизилет. Мындай чечим “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун ички авиакомпаниялар Avia Traffic Company, Aero Nomad Airlines, Tez Jet жана Sky FRU ортосунда өткөн жолугушуунун натыйжасында кабыл алынган. “Кыргызстандын аэропорттору" ААКнун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө

11-майдан баштап жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталат

11-майдан баштап жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталат

Облустук деңгээлдеги жетекчилер үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тарта ар бир айыл өкмөттө жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрө баштайт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык баракчасында билдирди. Маалыматка ылайык, анын Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө жети районунун тургундары менен жолугушуп жатып, эл көтөргөн маселелердин 80 % райондук, облустук деңгээлде чечиле турган

2026-жылдын I кварталында Депозиттерди коргоо фонду өсүшүн улантты

2026-жылдын I кварталында Депозиттерди коргоо фонду өсүшүн улантты

Финансылык туруктуулук ишенимден жана бекем кепилдиктерден башталат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо фондунун көлөмү 10,4 млрд сомго жетип, болгону үч ай ичинде 7,2 пайызга көбөйдү. КРнын жарандары коммерциялык банктарга салган депозиттеги акчаларын коргоо максатында түзүлгөн Фонддун суммасы ай сайын көбөйүп жаткандыгын КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинен кабарлашты.