Жыл башынан бери 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 логистикалык борбор ишке берилди

Жыл башынан бери 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 логистикалык борбор ишке берилди

2026-жылдын январь айында кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары тарабынан 8 млрд 91,6 млн сом суммасында тамак-аш азыктары, суусундуктар жана тамеки буюмдары өндүрүлдү. Физикалык көлөмдүн индекси 113,6 % түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары , айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

2026-жылга карата планга ылайык республика боюнча 75 кайра иштетүүчү ишкананы жана соода-логистикалык борборлорду ачуу каралган. Учурда өлкө аймагында 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 соода-логистикалык борбор ишке берилди.

Атап айтканда:

Нарын облусу, Нарын району, Жан-Булак айылы — жеке ишкер Амантуров Кубатбек ундан жарым фабрикаттарды өндүрүүчү цех ачты.
Нарын облусу, Нарын району, Эмгек-Талаа айылы — жеке ишкер Мусабекова Айжамал айына 4 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүчү ишкананы ишке киргизди.
Ысык-Көл облусу, Тоң району — "Эрдик" ААК аралаш тоют өндүрүүчү ишкананы ачты.
Манас шаары "Золотой Орех" ЖЧК соода-логистикалык борбор каттоодон өттү. Кубаттуулугу 500 тонна, мөмө-жемиштерди шоктук тоңдуруу жана сактоо үчүн каралган.

Министрлик тарабынан өлкөнүн аймактарында кайра иштетүүчү ишканаларды жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Алайда 37 млн сомго спорт комплекси курулуп жатат

Алайда 37 млн сомго спорт комплекси курулуп жатат

Алай районундагы Сопу-Коргон айылында жаңы спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 37 миллион сомду түзөт. Жаңы спорт комплекси заманбап талаптарга жооп берип, анын ичинде волейбол жана баскетбол аянтчалары, машыгуу залы каралган. Ошондой эле

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министрин кабыл алды

22-июнда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Президенттик администрациядан билдиришкендей, жолугушууда тараптар саясий жана экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы күн тартибиндеги орчундуу багыттар боюнча кеңири пикир алышты. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын өнөктөштүгү ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, эртең

1-сентябрдан тарта чет өлкөлүк номурлуу унааларды каттоо токтотулат

1-сентябрдан тарта чет өлкөлүк номурлуу унааларды каттоо токтотулат

Президенти тарабынан 2026-жылдын 3-июнундагы “Чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана алардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу чаралары жөнүндө” Жарлыкка кол коюлган. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, Жарлыкта 2026-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө боло турган транспорт каражаттарын легалдаштыруунун кошумча тартиби каралган. Кыргызстандын аймагына 2024-

Курулуш тармагында иштеген чет элдиктерди каттоо көзөмөлгө алынат

Курулуш тармагында иштеген чет элдиктерди каттоо көзөмөлгө алынат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ички иштер министрлигинин жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, курулуш компанияларынын жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрдү. Министрликтен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө курулуш объектилеринде эмгектенип жаткан чет элдик жарандарды каттоо, алардын мыйзам талаптарын сактоосу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери каралды. Тараптар чет