ЖКнын экс депутаттары Ж.Акаев, М.Самыйкожо жана Ч.Султанбекова эми РФге кире албайбы?
Россия өздөрүн “ишенимдүү өнөктөш” катары көрсөткөн өлкөлөрдөгү русофобиялык жүрүм-турумдарга мындан ары чара колдонот. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин акыркы чакырылышындагы үч депутаты — Жанарбек Акаев, Мирлан Самыкожо жана Чолпон Султанбекова — мындан ары Россия Федерациясына киришине тыюу салынды. Мындай билдирүүнү Россиянын ЖМК булактарында жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, буга Борбор Азия аймагында русофобиянын жайылышы жана тарыхты бурмалоого багытталган атайын мыйзам чыгаруу демилгелери себеп болгон.