Москвада акыркы 56 жылдан бери эң көп кар жаады

Москвада акыркы 56 жылдан бери эң көп кар жаады

Москва шаарында акыркы 56 жылдагы кардын эң көп жаашы катталды. Россиянын борборунда бир сутканын ичинде айлык жаан-чачын нормасынын 42%ы түшкөнүн "Фобос" аба ырайы борборунун адиси Евгений Тишковец билдирди.

Шаарда кар катмарынын бийиктиги 39 сантиметрге жетти. Жааган кар 1976-жылдагы рекордду жаңылады— ал учурда Москвада 12,9 миллиметр жаан-чачын катталган.

"…Москвада кыштын ортосунда мындай кардуу апаат акыркы 56 жылдан бери болгон эмес", — деп белгиледи адис.

Мындан тышкары окуңуз

УКМК ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасы боюнча иш жүргүзүп жатат

УКМК ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасы боюнча иш жүргүзүп жатат

УКМК Кыргызстандын жараны С.М. тарабынан жасалган курулуш жана күрөөгө коюлган насыя берүүдөгү ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасын иликтеп жатканын атайын кызматтын билдиришти. Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жараны С.М.ге карата козголгон кылмыш иши боюнча жабырлануучулар менен жолугушту. Жолугушууга шектүү дагы катышты. Тергөөнүн жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолгон

Балыкчы шаарына 10 атайын техника берилди

Балыкчы шаарына 10 атайын техника берилди

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу тарабынан Балыкчы шаарына 10 даана атайын техника сатып алынганын "Кабар" жазды.   Фонддон билдиришкендей, каржылоонун жалпы суммасы 60 млн сомду түздү. Алар - 1 автогрейдер, 2 чоң экскаватор, 1 мини-экскаватор, 1 бетон аралаштыргыч, 1 манипулятор, 1 автокран, 2 жүктөгүч, 1 трал.  Аталган техникалар Балыкчы шаарынын

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруунун убактысы узартылды

Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруунун убактысы узартылды

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруунун убактысы узартылганын Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директорунун орун басары Толубай Жакишов ОшТВга берген маегинде билдирди. Анын айтымында, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылышы керек. "Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча алгач 15-январдан 15-февралга чейин деп чек коюлган, азыр бул чек алынып салынды.

Кытай калкы 2025-жылы 3,39 млн адамга азайган

Кытай калкы 2025-жылы 3,39 млн адамга азайган

Кытайдын калкы 2025-жылы азайып, калктын картайышы уланып жатканы Кытай Эл Республикасынын Улуттук статистика бюросунун отчетунан маалым болду. 2025-жылдын аягына карата Кытайдын калкы 1 млрд 404,89 млн адамды түздү, бул 2024-жылдын аягындагы көрсөткүчтөн 3,39 млн адамга аз. Статистикага ылайык: * 2025-жылы 7,92 млн бала жарыкка келген, ал эми 2024-жылы