Туура 69 жылдан соң Герейт-Шорон мектеби жаңыланды

Туура 69 жылдан соң Герейт-Шорон мектеби жаңыланды

Ош облусунун Ноокат районунда жайгашкан Герейт-Шорон мектебинин имараты, 1956-жылы курулганына карабастан, быйыл толугу менен кайрадан салынганын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.

Учурда окуучулар жаңы мектеп имаратында билим алып жатышат.

Объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун жалпы наркы 74 млн сомду түздү.

Мектеп 550 окуучуга ылайыкталган, анын курамына эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залы кирет. Мындан тышкары, имаратта лаборатория, китепкана, медициналык кабинет, компьютердик класс, ошондой эле эркек жана кыз балдар үчүн эмгек сабактарынын кабинеттер каралган.

Мектептин жалпы аянты 1705 чарчы метрди түзөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды