Бишкек автопаркы 95 жаңы автобус менен толукталат

Бишкек автопаркы 95 жаңы автобус менен толукталат

Бишкек шаарына жакынкы күндөрү 95 жаңы эко автобус жеткирилет. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бардык автобустар заводдон чыгып, Бишкекке жолго чыккан.

Бул жеткирүү шаардык коомдук транспортту модернизациялоо жана автопаркты жаңылоо программасынын алкагында ишке ашууда. Жаңы автобустар шаардыктар үчүн жүрүүдө ыңгайлуулукту жана коопсуздукту жогорулатып, зыяндуу заттардын абага бөлүнүшүн азайтууга жардам берет.

Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) "Жашыл шаар" долбоору заманбап транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана энергияны үнөмдүү пайдаланууга багытталган. Мэриянын маалыматы боюнча, автобустарды жаңылоо — туруктуу жана экологиялык жактан таза транспорттук система түзүүнүн маанилүү этабы болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Тоо-кен тармагынан 5 жылда бюджетке 217,9 млрд сом түшкөн

Тоо-кен тармагынан 5 жылда бюджетке 217,9 млрд сом түшкөн

2021-2025-жылдар аралыгында тоо-кен тармагынан бюджетке 217,9 миллиард сомдон ашык салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр түшкөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тоо-кен тармагы өлкө экономикасында системаны түзүүчү негизги тармактардын бири бойдон калууда. 2025-жылдын 12 айында гана бул тармактан түшкөн каражат 65 миллиард сомго

Кыргызстандын тигүү тармагында 200 миңге чейин кызматкер бар- Салык кызматы

Кыргызстандын тигүү тармагында 200 миңге чейин кызматкер бар- Салык кызматы

Кыргызстандын тигүү тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири көмүскө иш алып баруу, анын ичинде кызматкерлердин чыныгы санын жашыруу экенин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков радионун эфиринде билдирди. "Россия да көзөмөлдү күчөттү жана негизинен, бардык салыктар мыйзамга ылайык төлөнүшү керек деген талап киргизди. Эми импортто кошумча нарк салыгын (КНС)

Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Бүгүн Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан ОрунтаевБишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана конуштун тургундары катышты. Министр өз сөзүндө билим берүү инфраструктурасын

Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда

Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда

"Чакан ГЭС" ААКсы Папан ГЭСинин курулуш долбоорун ишке ашырууну улантууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Учурда болочок станциянын имаратына алып баруучу узундугу 9,2 км болгон убактылуу кирме жолдор курулуп, куруучулар үчүн шаарчанын курулушу аяктоо алдында турат. Мындан тышкары, 110 кВ аба электр берүү линиясынын курулушу үчүн долбоор