Статистиканы санариптештирүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Статистиканы санариптештирүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Астанада "Улуттук статистикалык системаларды санариптештирүү" аттуу эл аралык форум өттү. Иш-чарага КМШ өлкөлөрү жана дүйнөлүк уюмдардын 150дөн ашуун өкүлү катышты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Кыргызстан делегациясын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жетектеп, "Маалыматтардын сапатын камсыздоонун элементи катары статистиканы санариптештирүү" темасында баяндама жасады. Ал өз сөзүндө статистикалык процесстерди санариптештирүү расмий маалыматтарга ишенимдүүлүктү, ачыктыкты жогорулатууга багытталган стратегиялык багыт экенин белгиледи. ошондой эле ал заманбап статистика улуттук маалыматтар экосистемасын түзүүдө жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу үчүн сапаттуу маалыматтык негизди камсыз кылууда негизги ролду ойной турганын баса белгиледи.

Форум статистиканы санариптештирүүнүн заманбап тенденцияларын, маалыматтардын сапатын жана коопсуздугун, ошондой эле жасалма интеллект жана чоң маалыматтарды колдонуу практикасын талкуулады.

Иш-чара КМШнын Статистика комитетинин колдоосу менен өткөрүлүп, кызматташтыкты чыңдоого багытталды.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ кышкы каникулда балдардын коопсуздугуна көңүл бурууга чакырат

ИИМ кышкы каникулда балдардын коопсуздугуна көңүл бурууга чакырат

Ички иштер министрлиги кышкы жана жаңы жылдык каникулдардын башталышына байланыштуу ата-энелерди жана мыйзамдуу өкүлдөрдү балдардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурууга чакырат. ИИМдин маалыматына ылайык, каникул маалында балдар көчөдө жана коомдук жайларда көбүрөөк убакыт өткөргөндүктөн, алардын кайда жана ким менен жүргөнүнө көз салуу маанилүү. Ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин сактоо, тайгак

Өлкө аймагында сутка ичинде 76 мас айдоочу аныкталды

Өлкө аймагында сутка ичинде 76 мас айдоочу аныкталды

Кыргызстан аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өткөрүлүп жаткан “Рулда” аталышындагы рейдде 1 сутка ичинде 76 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти. Мындан тышкары, айдоочулук күбөлүгү жок 89 адам унаа башкарганы белгиленип, жалпы 580 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган. Аныкталган мыйзам

Ош шаарында 480 орундуу мектеп курулуп жатат

Ош шаарында 480 орундуу мектеп курулуп жатат

Ош шаарынын Кең-Сай конушунда 100 орундуу бала бакча жана 480 орундуу мектептин курулушу активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы билим берүү мекемелери жергиликтүү балдардын билим алуусуна жана социалдык өнүгүүсүнө шарт түзүү максатында курулууда. Кең-Сай конушу акыркы жылдары активдүү өсүп, жеке турак жайлар көбөйдү, жаш

Президент: МИКтин уставдык капиталы 87,5 млрд сомго жетти

Президент: МИКтин уставдык капиталы 87,5 млрд сомго жетти

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан салынып жаткан турак жайлардын баасы базардагы баадан кыйла төмөн. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Президенттин айтымында, МИК аркылуу берилген батирлер 25 жылга, алгачкы төлөмсүз сунушталат. Бишкек шаарында мамлекеттик турак жай программасынын алкагында 1 чарчы метрдин баасы жайгашкан районуна жараша 900–