ЖК депутаттыгына талапкерлер салык мыйзамдарын сактоосу керек

ЖК депутаттыгына талапкерлер салык мыйзамдарын сактоосу керек

КРнын Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге салык мыйзамдарынын нормалары жөнүндө эскертүү билдирди.

Билдирүүгө караганда, талапкерлердин ишенимдүү адамынын, байкоочунун, өкүлдүн милдеттерин аткаргандыгы же үгүт кызматтарын көрсөткөндүгү үчүн шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүү мезгилинде талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунан жеке жактар тарабынан алынган каражаттарына киреше салыгы салынбайт. Мындан тышкары, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде үгүтчүлөрдүн иши патенттик негизде салык салынуучу иш түрлөрүнүн тизмесине кирбейт.

Ошондой эле «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча тарифтер жөнүндө» Мыйзамга ылайык, үгүтчүлөрдүн, байкоочулардын жана ишенимдүү адамдардын алган кирешелери менен сый акысы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ кышкы каникулда балдардын коопсуздугуна көңүл бурууга чакырат

ИИМ кышкы каникулда балдардын коопсуздугуна көңүл бурууга чакырат

Ички иштер министрлиги кышкы жана жаңы жылдык каникулдардын башталышына байланыштуу ата-энелерди жана мыйзамдуу өкүлдөрдү балдардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурууга чакырат. ИИМдин маалыматына ылайык, каникул маалында балдар көчөдө жана коомдук жайларда көбүрөөк убакыт өткөргөндүктөн, алардын кайда жана ким менен жүргөнүнө көз салуу маанилүү. Ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин сактоо, тайгак

Өлкө аймагында сутка ичинде 76 мас айдоочу аныкталды

Өлкө аймагында сутка ичинде 76 мас айдоочу аныкталды

Кыргызстан аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өткөрүлүп жаткан “Рулда” аталышындагы рейдде 1 сутка ичинде 76 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти. Мындан тышкары, айдоочулук күбөлүгү жок 89 адам унаа башкарганы белгиленип, жалпы 580 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган. Аныкталган мыйзам

Ош шаарында 480 орундуу мектеп курулуп жатат

Ош шаарында 480 орундуу мектеп курулуп жатат

Ош шаарынын Кең-Сай конушунда 100 орундуу бала бакча жана 480 орундуу мектептин курулушу активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы билим берүү мекемелери жергиликтүү балдардын билим алуусуна жана социалдык өнүгүүсүнө шарт түзүү максатында курулууда. Кең-Сай конушу акыркы жылдары активдүү өсүп, жеке турак жайлар көбөйдү, жаш

Президент: МИКтин уставдык капиталы 87,5 млрд сомго жетти

Президент: МИКтин уставдык капиталы 87,5 млрд сомго жетти

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан салынып жаткан турак жайлардын баасы базардагы баадан кыйла төмөн. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Президенттин айтымында, МИК аркылуу берилген батирлер 25 жылга, алгачкы төлөмсүз сунушталат. Бишкек шаарында мамлекеттик турак жай программасынын алкагында 1 чарчы метрдин баасы жайгашкан районуна жараша 900–