Бишкек мэриясы 2026-жылы 50 миң көчөт отургузууну пландоодо

Бишкек мэриясы 2026-жылы 50 миң көчөт отургузууну пландоодо

Мэр Айбек Джунушалиевдин катышуусунда Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында массалык түрдө бак-дарак отургузуу иш-чарасы өттү. Иш-чара SPARK экологиялык демилгесинин алкагында өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Паркта липа, клен жана башка 60тан ашык көчөттүн түрлөрү отургузулду. Мэр мындай иш-чаралардын экологиялык кырдаалды жакшыртуу жана шаарды көрктөндүрүү үчүн маанисин баса белгиледи.

Ал бизнес өкүлдөрүнө борбор калааны жашылдандырууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, алар башкаларга үлгү болоорун белгиледи.

Мэр ошондой эле "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасына борбор калаада отургузулган көчөттөрдүн сапатын көзөмөлдөөнү тапшырды жана 2026-жылы 50 миңден ашык көчөт отургузуу пландаштырылып жатканын кошумчалады.

2025-жылы муниципалитет борбор калаада 15 миңден ашык дарак отургузган. Ар бир райондун көчөттөрүнө өзүнүн түстүү лентасы бар.

Компаниянын өкүлү Искендер Сулейманов да сөз сүйлөп, бизнестин борбор калаанын жашыл аймактарын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, бул демилгени улантаарын убада кылды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”