Бишкекте 218,5 миң даана жоогазын отургузулууда

Бишкекте 218,5 миң даана жоогазын отургузулууда

"Бишкекзеленстрой" муниципалдык ишкана күзгү гүл отургузуу иштерин баштады. Мэриянын маалыматына караганда, 2026-жылдын жазында борборду 218,5 миң даана жоогазын кооздойт.

Гүлдүн луковицалары жылуу мезгил келгенде жакшы гүлдөшү үчүн күзүндө алдын ала отургузулуп жатат. Агрономдор кызыл, кызгылт, ак, сары жана кочкул кызгылт өңдөгү түрлөрдү отургузууда. Мындан тышкары, 2 миң дана жаңы декоративдик сорттор да пландаштырылган.

Гүлдөр төмөнкү негизги аймактарга жайгаштырылууда:

  • борбордук көчөлөр жана аянттар;
  • айланма жолдордун кесилиштери;
  • парктар жана скверлер.
Адистер агротехникалык талаптарды сактап иштеп жатышат. Максат — жазында шаарда көрктүү жана бирдиктүү гүл көрүнүшүн түзүү. "Бишкекзеленстрой" шаар тургундарын жашыл аймактарды коргоого чакырып, гүлдөрдүн пиязчаларын казбоону, гүлзарларды тебелебөөнү өтүндү.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Котловандан батирлерин жарнамалаган компаниянын иши токтотулду

Соң-Көлдөн 500 метр синтетикалык тор чыгарылды

DemirBankтан 100 000 сомго чейинки кэшбек менен ипотека

РФнын 8 аймагында мигранттарга таксист болуп иштөөгө чектөө киргизүү пландалууда

Ошто мыйзамсыз аңчылык кылган жаран 10 миң сом айыпка жыгылды