Нарын шаарындагы дене тарбия борбору 33 млн сомго толук оңдоодон өттү

Нарын шаарындагы дене тарбия борбору 33 млн сомго толук оңдоодон өттү

Бүгүн Нарын шаарынын И.Асанов атындагы ден соолукту чыңдоочу дене тарбия спорт борбору толук капиталдык оңдоодон өтүп, заманбап шарттары менен пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Саттаров, Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулу, Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Борборду оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы 33 млн сом жумшалды.

Мындан сырткары ден соолукту чыңдоо борборуна караштуу жерге спортко тийиштүү шарттарды түзүү, жакшыртуу долбоору да кошумча аткарылды, - деп айтылат маалыматта.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Новопавловкада таза суу убактылуу өчүрүлөт

Көмүрдүн сапаты абанын булганышына канчалык таасир этет?

Каржы пирамидаларын уюштургандарга жазаны катаалдаштыруу сунушталууда

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолунун курулуш иштери 62% бүттү

Бишкектин Исакеев көчөсүндө жол оңдоо иштери аяктады