Таксилердин лицензиясын текшерүү 1-февралга чейин жылдырылды

Таксилердин лицензиясын текшерүү 1-февралга чейин жылдырылды

Таксилердин лицензиясын текшерүү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин такси кызматынын айдоочулары тарабынан ЖКККББдан лицензия алууда узакка созулган кезек жаралып, белгиленген мөөнөткө үлгүрбөй жаткандыгы тууралуу кайрылуулар келип түшкөн.

Жогорудагы кайрылууларды эске алып, башкармалыктын жетекчиси Азенбек Козукеев лицензия алып жаткан такси кызматындагы айдоочулар менен жеринде жолугуп, узакка созулган кезекти жоюу, кызматкерлерге айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле ал узакка созулган кезекти  эске алып, лицензияны текшерүү жана рейддик иш-чараларды өткөрүү менен айып салуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылгандыгын билдирди.

Ошону менен бирге жетекчи такси кызматында иштөөгө арналган программалык тиркеме аркылуу иштеп жаткан айдоочулардын иши 2026-жылдын 1-февралына чейин үзгүлтүккө учурабасын белгиледи.

Буга чейин 1-декабрдан тарта оң рулдуу унааларга такси кылууга тыюу салынары эскертилген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Новопавловкада таза суу убактылуу өчүрүлөт

Көмүрдүн сапаты абанын булганышына канчалык таасир этет?

Каржы пирамидаларын уюштургандарга жазаны катаалдаштыруу сунушталууда

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолунун курулуш иштери 62% бүттү

Бишкектин Исакеев көчөсүндө жол оңдоо иштери аяктады