Айыл чарба министрлиги QR-код аркылуу кайрылуу системасын ишке киргизди

Айыл чарба министрлиги QR-код аркылуу кайрылуу системасын ишке киргизди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандардын кайрылууларын тез кабыл алуу жана натыйжалуу тескөө максатында жаңы онлайн инструмент – QR-код аркылуу кайрылуу системасын иштеп чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эми ар бир жаран "Түндүк" тиркемеси аркылуу QR-кодду сканерлеп, өз сунушун же пикирин тез жана ыңгайлуу форматта калтыра алат.

Мындан тышкары, министрликтин имаратынын 1-кабатында коомдук кабылдама үзгүлтүксүз иш алып барат. Жарандар кайрылууларын жеринде калтыра алышат. Кошумча маалымат алуу үчүн 0222 77 77 44 номери аркылуу байланышка чыгууга болот.

Министрликтин маалыматына караганда, жаңы система эл менен түз жана ачык байланыштын бекемделишине өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бүгүн Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекюнас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Литванын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды. Анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк 8–11-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Толкун" пансионатынын окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда инженердик системаларды техникалык тейлөө боюнча эл аралык тегерек стол өткөнүн билдирди. Иш-чара "Улуттук банктын имараттарынын жана курулмаларынын инженердик системаларын техникалык тейлөө" темасына арналды. Тегерек столду Улуттук банк

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, эми арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшырууга болот. Кызматты колдонуучулар арыздын статусун

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Бишкекте өткөн II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы аяктады. Ал 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлүп, кинематографисттерди, тармактын кесипкөй адистерин, эл аралык эксперттерди жана даректүү тасмалар боюнча көрүүчүлөрдүн башын бириктирди. Сынактык программага сегиз өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 8 толук метраждуу жана 16