Э.Чечейбаев: Кыргызстандыктар дарыга өтө көп каражат коротууда

Э.Чечейбаев: Кыргызстандыктар дарыга өтө көп каражат коротууда

Кыргызстандыктар дарыга өтө көп каражат коротушат, ошондуктан дарыканалардын санын кыскартуу зарыл. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Министрдин айтуусунда, он жыл мурун жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы бүгүн да өзгөрүүсүз бойдон калган. Мамлекет саламаттык сактоого канча каражат бөлсө, жарандар дагы ошол деңгээлде дары-дармекке акча коротууда.

Чечейбаевдин айтымында, дары менен камсыздоо толугу менен жеке сектордун колунда болгондуктан, рыноктун негизги максаты — киреше табуу.

“Аптекалар канчалык көп болсо, сатуу ошончолук көп болот. Демек, адамдар да көбүрөөк дары ичишет. Муну токтотушубуз керек. Дарыканалардын санын азайтып, дарыларды жарнамалоого тыюу салууга тийишпиз”, — деди министр.

Ал дары-дармектердин активдүү жарнамасы элди дарыгерге кайрылбай эле өз алдынча дарыланууга түртүп жатканын белгиледи. Айрыкча антибиотиктерди көзөмөлсүз колдонуу коркунучтуу экени эскертилди.

“Антибиотик — күчтүү дары. Аны зарыл учур болбосо ичүү туура эмес. Дарыгер гана диагноз коюп, рецепт жазышы керек”, — деди ал.

Министр азыр сасык тумоо күчөп жатканын белгилеп, сасык тумоодо антибиотик ичүү туура эместигин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен