Кара-Кулжада 70 млн сомго курулган бала бакча пайдаланууга берилди

Кара-Кулжада 70 млн сомго курулган бала бакча пайдаланууга берилди

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Биймырза айылында наркы 70 миллион сом болгон жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, иштери Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө аткарылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура турак жай–коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Башкы планга ылайык, жаңы бала бакча 120 балага ылайыкталган, эки кабаттуу заманбап имараттан турат. Курулуш-монтаждоо иштери бардык азыркы талаптарга жооп берген үлгүдө бүткөрүлдү.

Жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылышы айыл тургундары үчүн маанилүү социалдык долбоор болуп, балдардын коопсуз жана ыңгайлуу шартта тарбияланышына мүмкүнчүлүк түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл өлкөдө 1430 км жолго асфальт төшөлүп, план ашыгы менен аткарылды

Быйыл өлкөдө 1430 км жолго асфальт төшөлүп, план ашыгы менен аткарылды

Үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрына карата 1430 км жолго асфальт төшөлдү. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан быйылкы жылга коюлган план ашыгы менен аткарылып, азыркы тапта да аба ырайынын шарттарына жараша жол куруу иштери уланууда.  Министрликтин маалыматына ылайык, өлкө жетекчилигинин колдоосу менен стратегиялык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду, эл аралык коридорлорду оңдоого өзгөчө

Кара-Суу районунда интеграцияланган ири долбоор ишке ашат

Кара-Суу районунда интеграцияланган ири долбоор ишке ашат

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Кара-Суу районунда ишке ашырылуучу ири интеграцияланган долбоордун уюштуруучусу "Вэньц Компанинин" өкүлдөрү менен жолукканын “Кабар” маалымат агенттиги жарыялады.  Инвестициялык консорциумдун курамына эл аралык алдыңкы компаниялар — Qiyan Holdings Limited, "Ухай" компаниясы жана Bitmain Technology Ltd. кирет. Алар көмүр казып алуу,

Касымалиев Нарынга жаңы автобустар менен коммуналдык техникаларды тапшырды

Касымалиев Нарынга жаңы автобустар менен коммуналдык техникаларды тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касмалиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарына жаңы келген техникалар жана автобустарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Коммуналдык жана шаар чарба кызматтары үчүн алынган жаңы атайын техниканын, ошондой автобустарды көрүп чыкты. Нарын шаарына 34 атайын багыттагы техникаларды

Кыргызстан менен Венгрия айыл чарба жаатында кызматташтыкты кеңейтти

Кыргызстан менен Венгрия айыл чарба жаатында кызматташтыкты кеңейтти

Будапешт шаарында Кыргыз–венгер соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйыны өттү. Иш-чарага КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары М.И.Дуйшеев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба минитсрлигинен билдиришти. Жыйындын алкагында тараптар айыл чарба жана ветеринардык кызматташтык багыттарын талкуулашты. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы